Кыргызстандагы партиялардын көпчүлүгү "Единая Россия" партиясын колдошот

Өлкөдөгү саясат таануучулар менен депутаттардын көпчүлүгү, "Единая Россия" марттагы шайлоодо добуштутардын басымдуу бөлүгүн алат деп эсептешет. Алар муну үстөмдүк кылуучу партиянын "туура саясат" жүргүзгөндүгү менен байланыштырышат.

Жогорку Кенештеги беш фракциянын мүчөлөрүнүн пикирлери туура бир жерден чыккан. 2011 -жылдагы парламенттик шайлоодо "Единая Россия" жеңишке жетээри " талашсыз",-деп билдиришти. Бийилик өкүлдөрү, партиянын шайлоо программасын "орусия элин бириктирүүгө"  багытталгандыгы менен түшүндүрүштү.

«Ар-Намыс» фракциясынын депутатты Токон Мамытов, "Единая Россия" партиясынын программасы өтө кылдатык менен иштелип чыккандыгы жана негизги багыттары так аныкталган үчүн колдоорун айтты.

«Партиянын программасында Орусия элинин достугун чындоо жана карым-катнашты өнүктүрүү суроолоруна басым жасалган. Алар өздөрүнүн узак-кыска мөөнөттөгү өнүгүү келечегин- экономикадан баштап, коргоо жана коопсуздук күчтөрүнө чейинки суроолорун так аныктап алышкан»,- деди Мамытов

Бирок айрым депутаттар «Единая Россиянын» оппоненти болгон, 2012- жылда өтүүчү президенттик шайлоого катышаарын айткан Сергей Миронов башында турган «Справедливая Россия»партиясын колдоорун билдиришти.

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина «Клоопко» берген интервьюсунда, алардын партиясы "Единая Россияны" колдоорун айтты. Кийинчерээк депутат айым «Справедливой Россия» партиясы көңүлүнө жакын экенин кошумчалаган.

"Аларга шайлоодо жеңишке жетишин каалоо менен, "Единая Россия" жана «Справедливой России» бир бүтүмгө келишсе, Орусияны саясий экономикалык жана нравалык жактан көтөрүлүшү үчүн чоң күч болот эле ",- деди ал.

«Ата-Мекен» партиясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев дагы ушундай ойду айтып, алардын партиясы «Справедливой Россия» менен тыгыз кызматаштыкта экенин билдирди.

"Биздин партия 150дөн ашык мамлекеттин өкүлү катышкан эл аралык "Социалисттик интернационал" уюмунун катарындагы «Справедливой Россия» менен иштешип келет",- деди депутат Сапарбаев.

"Социалисттик интернационал"- социал-демократтык көз караштагы партиялардан турган эл аралык бейөкмөт уюму.

Саясат таануучулардын көз караштары

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин «Клоопко» берген интервьюсунда, "Единая Россиянын" жеңишке жетиши Кыргызстан үчүн эч кандай таасир тийгизбейт.

" Кыргызстан Орусияга тең келүүчү өнөктөш эмес. Кыргызстан Орусия менен дайым жакшы мамиледе болуп эч кандай негативдуу нерселер болбойт" деп эсептейт Казакпаев.

Бирок, саясат таануучу Токтогул Какчекеев, "Единая Россиянын" жеңиши Кыргызстанга тыгыз мамилени камсыз кылат,-деп билдирет.

"Путин көрөгөчтүк менен иш кылат. Орусияны өз убагында бутуна тургуза алды. "Единая Россиянын" жеңиши Орто Азия жана Кыргызстан үчүн жакшы өбөлгө түзөт",- деп эсептейт саясат таануучу

Ошондой эле Какчекеев, "Единая Россиянын" жеңиши Кыргызстандын Бажы биримдигине тезирээк кошулушуна жардам берет деген ойдо.

"Бажы биримдигин түзүп жатып Путин Кыргызстан жана Тажикстан биримдикке сөзсүз кире тургандыгын айткан,-деп кошумчалады саясат таануучу.

«Единая Россиянын» жеңиши Кыргызстан менен болгон мамилеге таасирин тийгизе албайт

Бишкек шаарынын тургундарынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Орусия саясат жаңылыктарын көрбөй тургандыктарын көпчүлүкгү мойнуна алышкан. Башкаларынын жообунда «Единая Россия» партиясынын шайлоодо жеңишке жетишкендиги Кыргызстан менен болгон мамилеге таасир тийгизбейт.

Пенсионер Людмиланын айтымында, өкмөттүн курамына «Единая Россия» жана «Справедливой Россия» пратияланынын мүчөлөрү келишин каалар эле.

Айдоочу Анатолий, «Единая Россия» партиясы шайлоодо жеңишке жеткени менен, Орусиянын Кыргызстан менен болгон мамилеси өзгөрбөйт,- деген оюдо.

«Азыр эки өлкөнүн мамилеси жакшыбы? Жакшы. Ошондой эле болот, эмне болушу мүмкүн?Курста эч кандай бурулуш жок», - деп ой бөлүштү Анатолий.

Кыргызстандын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын студенти Эрмек, шайлоого мүмкүнчүлүк берилсе анда ал добушун «Единая Россия» партиясына берээрин жашырган жок.

«Азыр президет жана премьер ушул партиянын мүчөсү, алар туура жолдо бара жатышат жана өлкөнү туура өнүктүрүп жатат - алардын экономикасы, социалдык абалы биздикине караганда алда канча жакшы» - деп кошумчалады Эрмек.

Өкмөттүк шайлоо - 2011

Орусиянын парламенттик шайлоосу 2011- жылдын 4 -декабрына белгиленген. Бул шайлоодо өкмөт мурункудай 4 жылга эмес, 5 жылга беките турган биринчи жолку шайлоо болуп эсептелинет.

Борбордук шайлоо коммисиясында жети партия катталган. Азыркы кезде парламенттик жарыштын көңүл чордонунда «Единая Россия» партиясы болууда, бул партиянын лидерлери 2000 - жылдан бери президенттик тактыда иштеп келе жаткан Владимир Путин жана Дмитрий Медведев эсептелинет.

«Единая Россия» партиясынын шайлоодогу негизги үч атаандашы, Россия Федерациясынын Коммунистер партиясы, «Справедливая Россия» жана Либералдык - демократия партиясы.

«Единая Россия» паритясына карата ар кандай сындардын негизинде «алдамчылардын жана уурулардын партиясы» деген жаман сөздөр ойлонуп чыгарылган.

Орусиянын белгилүү блогери Алексей Навальный, «Финам Эфем» радио борборунун түз берүүсүндө «Единая Россия» «алдамчылар жана уурулар» партиясы деп айтып, компанияны партияга каршы бурмалаган.

«Единая Россиянын курмына бизнесмендер жана чиновниктер(кызматкерлер) « коррупция менен кирдеген» адамдар кирет» , - деп далилдеген Навальный айтылган сөздөрүн.

Которгон: Айбек Жумабеков жана Сейил Шералиева
Кыргыз редактору: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Айкөл Болотбекова жана Эльдияр Арыкбаев