Өкмөт жарандардын электрондук кайрылуулары үчүн атайын веб-сайт ачат

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жакында кыргызстандыктардын электрондук кайрылуулары үчүн атайын веб-сайт ишке киргизиле тургандыгын убадалады. Анын айтымында, азыркы тапта веб-баракчанын 90 пайызы иштелип бүткөн.

Оторбаев министрлер кабинетинин иши боюнча парламентте отчет берип жатып экономика министрлиги тарабынан жарандардын түрдүү маселелер боюнча чиновниктерге кайрылууларын жөнөкөйлөштүрө турган «Ачык өкмөт» программасы иштелип чыккандыгын билдирди.

«Биз жарандардын жетекчилерге электрондук почта аркылуу кайрылуулары боюнча атайын сайтты ишке киргизебиз, анан [кыргызстандыктар] кат түрүндө жооп ала алышат», — деди премьер.

Оторбаев мындай «борборлоштурулган система» жарандар менен министрлердин ортосундагы маалымат алмашуунун натыйжалуулугун арттырып, жөнгө салууга жардам бере тургандыгын айтты.

Учурда ар бир жаран министрликтерге өз өзүнчө жекече кайрыла алышат, ал эми сайт ишке киргизилгенден кийин кыргызстандыктар бардык кызыктырган маселелери боюнча суроолорун бир эле сайт аркылуу бере алышат.

Өкмөт башчысы кыргызстандыктардын жөнөткөн каттары өзгөртүлүп же цензурага дуушар болбостугун айтып ишендирди.

«Кайрылуулар өзгөртүлбөйт жана арыздар түздөн-түз министрге чейин жетип турат. Аларга жооп беришет» , — деп ишендирди Жоомарт Оторбаев.

Премьер сайттын дээрлик даяр экендигин билдиргени менен анын качан ишке киргизиле тургандыгын так айткан жок.

Автор: Нуржамал Жаныбекова