Видео: Тогуз кишинин өмүрүн алып кеткен Бишкектин четиндеги жол кырсыгы

Санжар Калматай аттуу колдонуучу 30-май күнү 9 кишинин өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы тартылган видеону интернетке жайгаштырган.

Кырсык 30-май күнү болжол менен кечки саат жети жарымдар чамасында Бишкектин түндүк-чыгышындагы Ысык-Ата районунда — Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 8-чакырымында — орун алган.

Анда «Ауди 100» жана «Хюндай» үлгүсүндөгү унаалардын сүзүшкөндүгү айтылууда.

Жыйынтыгында 9 киши каза болгон, алардын ичинде 5 жаштагы бала да бар. Буга чейин кырсыктан 7 кишинин каза болгондугу кабарланган болчу.

«Андагы унаалар өтө талкаланып калгандыктан «Аудинин» арткы отургучтарында ким бар экендиги көрүнгөн эмес. [...] ӨКМдин жумушчулары иштеп, унааны сүйрөп чыгарышкандан кийин дагы эки кишинин денеси табылды», — деди Kloop.kgге берген маегинде Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Альтаир Исмаилов.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жол кырсыгы «Хюндай» үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып кеткенден кийин орун алган.

Ысык-Ата РИИБсинин башчысынын орун басарынын айтымында, кырсык боюнча бир нече экспертиза белгиленген, алардын жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин айдоочулардын күнөөлөрү так аныкталат.