Ош облусунун башчысы үч миллион долларды өзүнө алып албагандыгын далилдеди

Сот облустук милициянын мурунку башчысын өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун дарегине айткан айыптоосун төгүндөөгө милдеттендирди. Жээнбеков айтылган айыптоолор боюнча өзүнүн күнөөсү жок экендигин облустук соттун жыйынында далилдеди.

Облустук милициянын мурунку башчысы Абдылда Капаров 2010-жылдан бери Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык кагылышуу маалында андагы тартипти камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн каражаттан «үч миллион АКШ долларын өзүнө алып алган» деп айыптап келет.

Бирок Жээнбеков 20-май күнү Ош шаардык сотунда Ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы тараптан айтылган айыптоолор боюнча күнөөсү жок экенин далилдеди.

Сот Капаровду Ош облусунун башчысынын дарегине айткан айыптоолорун төгүндөп, эл алдында андан кечирим суроого милдеттендирди.

Ош мамлекеттик администрациясынын басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев Kloop.kgге берген маегинде жыйындын жүрүшүндө милициянын мурунку чиновниги айтып жаткан айыптоолорун негиздеп бере албагандыгын билдирди.

«Сотто Капаров үч миллион долларды таптакыр көрбөгөндүгүн, санабагандыгын, алар тууралуу кимдир бирөөнөн уккандыгын гана айтты», — деди басма сөз катчы.

Андан сырткары сот облустук милициянын мурунку башчысын моралдык зыян келтиргендиги үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирди.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Капаровдун өзү жеткиликсиз болууда.

Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовду колдоп келгендиги менен белгилүү болгон Ош облустук ИИБсинин мурунку башчысы Абдылда Капаров Жээнбековду «үч миллион долларды өзүнө алып алган» деп бир канча жолу айыптаган.

Бирок облустук сот Жээнбековдун күнөөлү экендиги боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүн таппагандыктан Ош облусунун башчысына каршы кылмыш ишин козгогон эмес.

Облустук сотко «өзүнүн ар-намысы менен абийирин коргоо үчүн» Жээнбеков өзү кайрылган.

Автор: Алексей Ким