Депутат Бишкектеги жарнак такталарына тыюу салууну сунуштап жатат

Парламент мүчөсү Дастан Бекешев борборго жарнак такталарын жайгаштырууга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Жарнама агенттиктери менен жарнак такталарынын ээлери депутаттын бул идеясына нааразы экендиктерин билдирип жатышат.

Эл өкүлү шаарды жарнак такталарынан тазалоо идеясын алардын «шаардын сырткы көрүнүшүн бузуп жаткандыгы» менен түшүндүрүүдө — анын айтымында, жарнак такталары шаарды кароого жолтоо болуп, алардын артындагы имараттарды жакшылап көрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт жана айдоочуларды жолдон алаксытат.

«Мамлекеттик кийлигишүүгө негиз болуп Бишкекти талаптагыдай сырткы көрүнүш менен камсыз кылуу жана шаардын тарыхый-маданий жайларын сактап калуу зарылчылыктары эсептелет», — деп жазылган Бекешевдин мыйзам долбоорунун анализинде.

Депутат Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнак такталарынын борбордук мэрияга тиешелүү эместеринин бардыгын тең алып салууну сунуштап жатат.

Дастан Бекешев муниципалдык жарнак такталарын калтыруу зарылчылыгын аларга мамлекеттик жана социалдык жарнамаларды жайгаштыруу керектиги менен түшүндүрдү.

Аны менен катар парламент мүчөсү жарнак такталарга тыюу салууда алардын ээлери тарабынан нааразычылыктар пайда болуп, 2013-жыл үчүн 1,5 млн. сомду түзгөн шаардык бюджеттин киреше бөлүгү азая турандыгын мойунга алат.

«Ал жоготууларды айланадагы архитектуралык келишимдүүлүккө ылайык келчү сырты жарнамаларга аянтча катары берүүнүн эсебинен толуктаса болот, мисалы, ситиборддор же өз ичине көчөнүн аталышын, ошондой эле кайсыл бир коммерциялык объектинин дарегин камтыган жол көрсөткүчтөргө берүү менен», — деп сунуштайт Бекешев.

«Маалымат булактары»

Жарнак такталарынын ээлери менен жарнама агенттиктери парламентарийдин бул көз карашы менен макул эмес жана мыйзам долбоорунун түрдүү кемчиликтери бар экенин айтып жатышат.

Сырткы жарнама менен алектенген «Адекват» агенттигинин менеджери Любовь Егорова Kloop.kgге берген маегинде Бишкектеги жарнак такталарын алып салганда шаардыктар дагы бир маалымат булагын жогото тургандыктарын билдирди.

«Биз нааразыбыз. Адамдар бири-бирин кайсыл бир жолдор менен таанып билүүлөрү керек да. А эгер жарнак такталары жарнаманын бир түрү болсо кантип таанууга болот?» — деп суроо салды ал.

Егорова шаардын кээ бир бөлүгүндөгү жарнак такталары тескерисинче, борборго жагымдуу көрк берип тураарын кошумчалады.

«Кайсыл бир бөлүктөрүндө такталар шаарыбызды кооздоп турат, анткени алар көчөлөргө жарык берип турган жарыктандыруулары менен орнотулат, алардын айланасы жакшыртылган», — деди «Адекваттын» менеджери.

«Континент» жарнама агенттигинин башчысы Наталья Давиденко парламентарийдин идеясына болгон нааразычылыгынын башка себептерин айтты — ал бул тармакта иштеген кызматкерлер такталарга салынчу тыюулардан улам жумуш орундарын жогото тургандыктарын билдирди.

Анын пикиринде, Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнак такталарын алып салуудан жарнама агенттиктери гана эмес, мамлекеттин өзү да чыгашага дуушар болот.

«Биз өз такталарыбызды эреже боюнча орнотконбуз, а азыр алар өтө эле көп болуп кетти. Бирок баарын тең катары менен алып салууну анча туура эмес деп эсептейм. Ал такталар үчүн мамлекет аз эмес акча алат: биз бюджетке патент үчүн 10 миң сом төлөйбүз жана кошумча алар жайгашкан жер үчүн да ижара акысын төлөп беребиз», — деди ал.

Автор:  Нуржамал Жаныбекова