Видео: Фермерлер мал чарбачылыгынын «кейиштүү абалы» тууралуу

12-июнда Кыргыз кой өстүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Акылбек Ракаев мал өстүрүүчүлөр оорулардын жаңы тутанууларынан жана сапатсыз ветеринардык кызматтардан улам чыгашага учурап жаткандыктарын билдирди.

Ракаев 2014-жыл малдын массалык кырылышы жана жылкылардын арасындагы бойдон түшүрүүлөр менен башталгандыгын билдирди — анын айтымында, жылкы өстүрүүчүлөрдүн көбү быйыл кулундарды кем алып калышты.

«Ветеринария жана диагностика боюнча мамлекеттик кызмат мал ылаңдарын туура аныктай алышпайт, алардын өз учурунда алдын алууну мындай кой оорулар менен кантип күрөшүү керектигин да билишпейт», — деди ал.

Ассоциация башчысы рынок сапатсыз медициналык каражаттар менен дарыларга толуп калгандыктан фермерлерде тастыкталган эмдөөлөргө жетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин айтып арызданы.

«Аткезчилик жол менен мыйзамсыз алынып келинген дары-дармектерден улам көптөгөн ак ниеттүү жабдып туруучулар ата мекендик рынокко кирүү мүмкүндүгүнө ээ эмес», — деди Ракаев.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге мал доктурлар текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү эмес экендиктерин билдиришти — айтымдарында, малчылар доктурларды өзүлөрү чакырып, алардын кызматтарын төлөп берүүлөрү керек.

«Мамлекет тарабынан фермерлерге беш эмдөө берилет, а калгандары үчүн фермерлер өз чөнтөктөрүнөн төлөөлөрү керек», — деди басма сөз катчы Кымбатбек Мусаев.

Автор:  Нурмухаммед Атамбаев