Кыргызстандын шаарларынын башкы пландарын ачыкка чыгаруу жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр учурда президенттин кароосунда.
Мыйзам долбоору парламенттин 11-июндагы жыйынында кабыл алынган — ал документ Бишкек менен Кыргызстандын башка шаарларынын башкы пландарын ачыктоону сунуштайт. Өзгөртүүлөрдүн автору парламентарий Дастан Бекешев.
Бекешевдин айтымында, шаарлардын башкы пландарынын жашыруун болушу чиновниктердин шаардыктардын эсебинен «пайда таап», башаламан курулуштар үчүн шарт түзүп берүүлөрүнө жол ачууда.
Депутат өзгөртүүлөргө тиркелген негиздеме маалымкатында калктуу конуштардын дээрлик бардык карталары интернетте бар болуп, GPSке орнотулгандыктан шаардын башкы планынын жашыруун болушунун «мааниси жок» экенин жазган.
«Бул нормативдик укуктук актынын кабыл алынышы өлкөнүн курулуш тармагынын нормалдуу өнүгүүсүнө, калктын пикирин эске алуу менен шаарды өнүктүрүүгө, курулуш үчүн жер бөлүүдө шаар мэрияларынын кызмат абалдарынан ашыра пайдаланууларынын жоюулушуна, алдамчылык жана укук белгилөөчү документтердин жардамы менен жер басып алууларга жол берилбешине, ошондой эле курулуш жана архитектура органдарынын ишмердүүлүктөрүнүн ачык болушуна алып келет», — деп жазган Бекешев.
Бир нече күн мурун Кыргыз шаар куруу боюнча илимий изилдөө жана долбоорлоо институтунун башкы архитектору Жанызак Кулбатыров болуп өткөн Бишкектин инфраструктурасына арналган иш-чарада башкы пландын жашыруун болушу анын мазмунунун — «илимий, карапайым адамдарга түшүнүксүз» — тили менен түшүндүрүлөөрүн бир нече жолу айткан.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов ошол эле иш-чаранын жүрүшүндө башкы пландарды ачыктоо боюнча кайрылуу президент Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлгөндүгүн билдирген.
Башкы пландардын жашыруун болушуна карата коомчулук, укук коргоочулар жана саясий партиялар тарабынан бир канча жолу нааразычылыктардын айтылып,алардын арызданууларын жараткан.
Андай активисттердин бири — укук коргоочу Калича Умуралиева — Kloop.kgге берген маегинде өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилгенден кийин мыйзам кагаз жүзүндө гана калып, чиновниктер тарабынан аткарылбашы мүмкүндүгүн айтты.
«Кабыл алынган күндө деле жер-турак жай маселеси өтө коррупцияланышып калгандыктан андан деле мыйзамдын нормаларын аткарбаш үчүн кандайдыр бир илмектерди табуулары мүмкүн. Бизде нормалары аткарылбай жаткан мыйзамдар өтө көп», — деп эсептейт Умуралиева.
Башкы план — калктуу конуштардын курулушу ага ылайык ишке ашырылышы керек болгон документ. Ал шаардын өнүгүү стратегиясы менен шаар курулушунун пландарын аныктайт.
Автор: Алексей Ким