Видео: Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Грузиядан 10 гол өткөрүп жиберди

Кыргызстандын курама командасына кыйратуучу соккуну Грузиянын командасы урду - кыргызстандыктар футбол боюнча өспүрүмдөр арасында Казакстан президентинин кубогу үчүн мелдеште Грузиядан 0:10 эсебинде жеңилди.

Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы Грузиянын оюнчулары үч гол киргизгенден кийин "кол шилтеп", андан кийин өздөрүнүн дарбазасына дагы 7 гол өткөрүп жиберишкен, деп жазат Казакстан футбол федерациясы (КФФ) өз сайтында.

"Экинчи таймда Кыргызстандын командасына эмне болгонун бир сөз менен мүнөздөп берүү кыйын. Түшүнүктүү болгон нерсе - бул тайм алар үчүн чыныгы коркунучтуу түш болуп калды", - деп жазат КФФ.

Казакстан президентинин кубогу үчүн болгон матч 26-июнда өлкөнүн борборундагы "Астана Арена" стадионунда болду.