Тажикстан Тамдык айылындагы “кыргыз чек ара бекетин алып салууну” суранды

Тажикстандын чек ара кызматынын башчысы Тамдык айылынан чек ара бекетин алып таштоону өзүнүн кыргыз кесиптешинен суранды. Буга чейин чек арада ок атышуу болуп, анын жүрүшүндө, Тажикстандын версиясы боюнча, бир адам каза болгон.

Кыргызстандын чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев 10-июль күнү кечинде чек арага жакын жайгашкан аймактагы болгон ок атышуу тууралуу тажик кесиптеши Ражабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

“Азаттык” үналгысы Дүйшенбиевге шилтеме жасап кабарлашынча, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстандын өкүлү Тамдык айылындагы кыргыз чек ара бекетин алып салууну суранган.

Кыргыз бийлигинин версиясы боюнча бул чек ара бекети 10-июль күнү кечинде Тажикстандын аскерлери тарабынан миномёт жана гранатомёттон аткылоого кабылган.

“Азаттык” үналгысы билдиргендей, Дүйшенбиев Рахмоналинин өтүнүчүнө каршы жооп айткан.

“Ражабали Рахмонали аймакта 30дай куралдуу тажик тургуну топтолгонун, эгер чек ара постубузду алып салбасак, алар түнү менен аскерлерибизге чабуул жасаарын айтты. Биз ага макул болгон жокпуз. Чек ара посту иштеп жатат”, - деп билдирет кыргыз чек арачыларынын башчысынын сөзүн “Азаттык”.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, учурда ок атышуу токтогон, бирок чек арадагы абал чыңалган бойдон.

Тажикстандын маалымат каражаттары, тескерисинче, өздөрүнүн жергиликтүү чиновниктерине таянып кабарлагандай, 11-июль күнү эртең менен дагы бир кагылышуу болуп, анын жүрүшүндө Ворух тажик анклавынын эки тургуну жабыркаган.

Жаңжалдын эки версиясы

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, чыр-чатак 10-июль күнү эртең менен Тажикстандын жергиликтүү жашоочуларынын “мыйзамга сыйбаган аракеттеринен” улам келип чыккан. Анда алар Каравшин дарыясынан Ворух анклавындагы Бедак айылына түтүк өткөрүүнү каалашкан.

Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок аткан — бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.

Тажик бийлиги, тескерисинче, ок атуу кыргыз чек арачылары тарабынан башталган дейт. Алар “жөнөкөй тургундарга” түтүк өткөрүп жатканда тоскоолдук кылышкан.

“Жакын ортодо жүргөн тажик чек арачылары абалды териштирүү үчүн жакындашып, кыргыз кесиптештеринин аракеттерин токтотууга аракеттенишкен. Жооп иретинде кыргыз тарап автомат куралынан мээлеп ок ачышкан”, — делет Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргыз бийлиги өз аскерлери тарабынан ок ачылгандыгын четке кагууда.

“Кыргыз чек арачылары жөнөкөй жарандарга карата курал колдонбойт”, — деди кыргыз чек ара кызматынын басма сөз катчысы Борубаева.
Расмий Кыргызстан 10-июль күнү эртең мененки атышуудан каза болгондордун бар экендигин азырынча тастыктай элек.

“Качан гана Тажикстан расмий түрдө бул маалыматты тастыктаганда, ошондо биз бул туурасында бир нерсе дей алабыз. Учурда биз тажик кесиптештерден эч кандай расмий билдирүү ала элекпиз”, — деди басма сөз катчы.

Тажикстандын ТИМи өзүнүн билдирүүсүндө кабарлагандай, ок атышуунун жүрүшүндө бир тажик жараны каза болгон, сегиз киши жаракат алган, анын ичинде бир чек арачы да болгон.

Тажик бийлиги да өздөрү тараптан ок ачууну четке кагууда.

Сүйлөшүүлөрдүн чокусунда

Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги 10-июлда тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.

Бул үстүбүздөгү жылдагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосундагы экинчи жолку атышуу.

Январдын башындагы кагылыштар эч кандай курмандыксыз болгон болсо да, мурдагы советтик республикалардын ортосундагы мамилелерди бир топ татаалдаштырган эле. Бул өлкөлөр СССР жоюлгандан бери чек арасын делимитациялай элек.