Кыргыз бийлиги, тажик маалымат каражаттарында жазылгандай, өз делегациясынын Душанбеге сүйлөшүүлөр үчүн келгендигин четке кагууда. Өлкөлөр бүгүн, чек ара жаңжалынын жүрүшүндө, Тажикстандын версиясы боюнча, бир тажик жараны каза болду делген маселени талкуулашы керек.
Тажик кабар агенттиги “Азия-Плюстун” 10-июль күнү эртең менен өзүнүн булагына шилтеме жасап тараткан маалыматы боюнча, Кыргызстандан өкүлдөр Тажикстандын борбору Душанбеге чек ара чыр-чатактарын сүйлөшүү үчүн келген.
10-июль күнү эртең менен башталган жаңжалдын жүрүшүндө, Тажикстандын версиясы боюнча бир тажик жараны каза болуп, сегизи жаракат алган, анын ичинде бир аскер бар. Ошону менен бирге эле эки тарап өз чек арачылары тарабынан ок чыгарылгандыгын төгүнгө чыгарууда.
“Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Исфара шаарынын Ворух жамаатынын Бедак кыштагындагы инцидентке бурулмакчы. Анда кыргыз чек арачыларынын огунан Тажикстандын бир жараны каза болгон, эки тажик чек арачы жана сегиз тургун жаракат алган. Ошондой эле мындай инциденттердин келечекте кайталанбасы да сүйлөшүлмөкчү”, - деп билдирет өзүнүн булагынын сөздөрүн “Азия-Плюс”.
Кыргызстандын чек ара кызматы Душанбедеги сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты төгүндөп, бул “чындыкка туура келбейт” деп билдирди.
Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, 11-июлда Исфара шаарында эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин жолугушуусунун болушу мерчемделүүдө.
“Талкуулана турган маселелердин бири кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жагдай жана 2014-жылдын 10-июлундагы инцидентти жөнгө салуу чаралары болмокчу”, - деп жазылат Кыргызстандын чек ара кызматынын билдирүүсүндө.
Учурда, Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, ок атышуу токтотулган, бирок чек арада абал чыңалган бойдон турат.
“Азия-Плюс”, тескерисинче, жергиликтүү тажик чиновниктерине таянып кабарлагандай, 11-июль күнү эртең менен дагы бир кагылышуу болуп, анын жүрүшүндө Ворух тажик анклавынын эки тургуну жабыркаган.
Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча Тажикстан 11-июлда Тамдык айылындагы кыргыз чек ара бекетин алып салууну талап кылган. Бул өтүнүч кыргыз чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшенбиев тарабынан кабыл алынган эмес.
Жаңжалдын эки версиясы
Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, чыр-чатак 10-июль күнү эртең менен Тажикстандын жергиликтүү жашоочуларынын “мыйзамга сыйбаган аракеттеринен” улам келип чыккан. Анда алар Каравшин дарыясынан Ворух анклавындагы Бедак айылына түтүк өткөрүүнү каалашкан.
Тажикстан жарандарынын “мыйзамга сыйбаган аракеттерин” токтотуу үчүн кыргыз чек арачылары абага бир нече жолу ок аткан — бул жакын ортодо жүргөн тажик аскерлерин көкүткөн.
Тажик бийлиги, тескерисинче, ок атуу кыргыз чек арачылары тарабынан башталган дейт. Алар “жөнөкөй тургундарга” түтүк өткөрүп жатканда тоскоолдук кылышкан.
“Жакын ортодо жүргөн тажик чек арачылары абалды териштирүү үчүн жакындашып, кыргыз кесиптештеринин аракеттерин токтотууга аракеттенишкен. Жооп иретинде кыргыз тарап автомат куралынан мээлеп ок ачышкан”, — делет Тажикстандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Кыргыз бийлиги өз аскерлери тарабынан ок ачылгандыгын четке кагууда.
“Кыргыз чек арачылары жөнөкөй жарандарга карата курал колдонбойт”, — деди кыргыз чек ара кызматынын басма сөз катчысы Борубаева.
Расмий Кыргызстан 10-июль күнү эртең мененки атышуудан каза болгондордун бар экендигин азырынча тастыктай элек.
“Качан гана Тажикстан расмий түрдө бул маалыматты тастыктаганда, ошондо биз бул туурасында бир нерсе дей алабыз. Учурда биз тажик кесиптештерден эч кандай расмий билдирүү ала элекпиз”, — деди басма сөз катчы.
Тажикстандын ТИМи өзүнүн билдирүүсүндө кабарлагандай, ок атышуунун жүрүшүндө бир тажик жараны каза болгон, сегиз киши жаракат алган, анын ичинде бир чек арачы да болгон.
Тажик бийлиги да өздөрү тараптан ок ачууну четке кагууда.
Сүйлөшүүлөрдүн чокусунда
Жаңжал Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү мунасага келейин деп жаткан учурга туш келүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз бийлиги 10-июлда тажик анклавын айланып өткөн жолдун салынышын кайра улантышы керек эле.
Бул үстүбүздөгү жылдагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосундагы экинчи жолку атышуу.
Январдын башындагы кагылыштар эч кандай курмандыксыз болгон болсо да, мурдагы советтик республикалардын ортосундагы мамилелерди бир топ татаалдаштырган эле. Бул өлкөлөр СССР жоюлгандан бери чек арасын делимитациялай элек.