Москва метросундагы кырсыктан Кыргызстандын бир жараны каза болду

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва метросундагы кырсыктан бир кыргызстандык каза болуп, дагы бирөө жаракат алгандыгын билдирди. Кырсык 20дан ашык адамдын өмүрүн алып кетти.

Москва метросунда каза болгондордун арасында Кыргызстандын бир жараны бар, деп жазды «Взгляд» порталы» кыргыз Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысына шилтеме жасап.

«Учурда биздин Орусиядагы элчиликтин кызматкерлери анын денесин Кыргызстанга алып келүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. ТИМдин консулдук кызматынын департаментинин жумушчулары каза болгон жарандын Бишкектеги туугандары менен жолугушту», — деп жазган «Взгялд» порталы ТИМдин басма сөз катчысы Турдакун Сыдыковдун айткандарын.

Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бир кыргызстандык жаракат алгандыгын билдирген.

«Элчиликке Кыргызстандын Марасулов М.М. аттуу бир жаранынын жаракат алгандыгын ырасташты. Ал Москва шаарынын №20 Мамлекеттик клиникалык ооруканасына жеткирилген», — деп билдирди элчиликтин басма сөз кызматы.

Өз билдирүүсүндө дипломаттар каза болгондор менен жаракат алгандардын тизмелерин түзүү азырынча биротоло аяктай электигин белгилешүүдө. Элчиликтин маалыматы боюнча, ал тизмелерде жарандыгы аныктала элек адамдар дагы бар.

Кырсык 15-июль күнү эртең менен «Славянск бульвары» жана «Жеңиш паркы» станцияларынын ортосунда болгон – чукул токтоодон улам метронун Арбат-Покровский тилкесиндеги поезд рельстен чыгып кеткен. Болжолдуу маалыматтар боюнча, поезддин чукул токтошуна электр түйүндөрүндөгү чыңалуунун төмөндөгөндүгү себеп болгон.

Каза болгондордун саны 20дан, ал эми жаракат алгандар 100дөн ашкандыгы кабарланууда.  Би-би-синин орус кызматынын маалыматы боюнча, 118 киши ооруканага жаткырылган, кеминде алардын 24ү оор абалда.

Орусиянын ӨКМинин Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, түйүндөгү чыңалуунун кескин төмөндөп кетишинен улам метродогу жалган сигнал берүү системасы иштеп кетип, ал поезддин чукул токтошуна себеп болгон.

«Метронун вагондорунан 1150гө чукул адам эвакуацияланды. Москва авиациялык борборунун тик учактары жаракат алгандарды шаардын ооруканаларына жеткирүү үчүн 15 жолу асманга көтөрүлүштү. Азыркы тапта авариялык-куткаруу иштери аяктады. Калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди ӨКМдин Москва шаардык бөлүмү.

Орусиянын Тергөө комитети метрополитендеги кырсык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду – кылмыш иши Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин «Транспорттук коопсуздук тармагындагы эрежелерди бузуу» беренеси боюнча козголду.

Москва бийлиги теракт версиясын караштырбай эле, деп билдирди РИА Новости агенттиги Транспорт департаментинин Москва бөлүмүнүн башчысы Максим Лисктовго шилтеме жасап.

«Жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды тактоо иштери уланууда. Ошондой эле «Москва метрополитени» мамлекеттик ишканасына да ири көлөмдөгү материалдык зыян келтирилген. […] Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды белгилөө боюнча маселелер чечилип жатат», — деп жазган агенттик Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркиндин айткандарын.

Бул кырсык Москва метросунда орун алган кырсыктардын эң ириси – буга чейин эң трагедиялуу кырсык катары 1982-жылы «Авимоторный» станциясындагы эскалатордун сынгандыгы эсептелип келген. Анда 8 киши каза болуп, 30 киши жаракат алган болчу.