Футбол боюнча дүйнөлүк биринчиликтин фонунда Бишкекте анчалык чоң эмес масштабдагы, бирок жараат алып калуу коркунучу азыраак болгон үстөл футболу боюнча чемпионат өттү.
Немис футболчулары дүйнө чемпиондорунун кубогун жеңип алаарына эки күн калганда Бишкектин жыйырмага чукул жашоочулары — эмнегедир жалаң эркектер — борбордогу пабдардын бирине чогулушуп, үстөл футболу боюнча шаардын чемпионунун титулу үчүн күч сынашты.Спорттун бул түрүндө дени таза жашоо мүнөзү анчалык деле маанилүү эмес, ошондуктан чылым тиштеп алып деле ойносо боло берет.Бирок үстөл футболу болгондуктан анын «улуу агасынын» бир катар атрибуттары сакталган —мисалы, кубок Германияга учуп кеткен кубоктун кичинекей көчүрмөсү болду.Чоң футболдогудай эле оюнчуларга дене-бойду жазып алууга да убакыт берилди.Чынында байгелер анча спорттук байгелерге окшошкон жок — мелдештин жеңүүчүсүнө кубоктон сырткары алты ай бекер сыра каралган. Мындай байге менен үстөл үстүндө ойнолчу оюндардын түрүнө гана катышуу мүмкүндөй.Үстөл футболу боюнча Бишкектин чемпионатында гана финалда «Алга» жана «Манчестер» деген аталыштагы командалар жолуга алышат.«Манчестер» эсепти оюндун башталышында эле ачты, бирок «Алганын» пластик футболчулары демилгени колго алышып, жооп катары төрт гол киргизүү менен чемпион болушту.Чоң футболго дагы бир окшоштугу — бул жеңишти кучакташуу менен көзгө жаш алып майрамдоо.Автор: Никита Шаронов