Ош шаарынын сейил багында шаардык айымдар «тынчтыктын нанын» тарытышты

Токтогул атындагы сейил багында айымдардын областык тынчтык биримдиги Ош шаарынын мэриясы жана ООНдун жардамы аркылуу «Тынчтык наны» аттуу акциясын откорушту. Ар турдуу улуттагы апа-эжелер нан жасашып акциянын катышуучуларына таратып беришти. Алар облустун 6 районунан келиишип, мындан бир жыл мурун этникалык кагылышууда каза тапкандарды эскеруу максатында атайын нан жасашып акцияга келгендерге таратып беришти.

Бул иш-чара «нан-тынчтыктын, сабырдуулуктун, онугуунун жана жакшылыктын символу» деген ураан астында откорулду.

Аталган акцияны «тынчтык тилеген аялдар» облустук биримдиги уюштурган. Ал 2010-жылы Жалал-Абад шаарында откон аялдар форумунун негизинде тузулгон. Белгилей кетсек ага туштук жергесинин уч облусунан 100 ашуун айымдар катышкан. Бул биримдиктин координатору Жамиля Капарованын айтымында «Тынчтык нанын» жасоо бир кана Ош шаарында откорулбостон Баткен жана жалал-Абад шаарларында да болду.

«Айымдар озулору камыр жууруп, бышырган нанга "элибиздин жаркын келечеги учун" деген тилек менен куран тушурушкон сон, баардык акцияга келген каалоочулар ыйык нандан даам татышты» дейт Капарова Кloop.kg менен болгон маектешуусундо.

Катышуу символу

Бул акцияга катышкан Ош шаарынын мэринин орун басары Абдрахман Жолдошалиевдин айтымында мындай демилге элди бирдиктуу болууга жана тынчтыкка чакырат.

«Эн оорчундуу сыноолордо материалдык жактан караганда эн баалуу болуп нан эсептелет. Биз бир мамлекеттин жарандарыбыз, ошондуктан бирдиктуу болуп, бир дасторконго чогулуп, бир-бирибизге ыйык болгон нан менен сый-урмат корсотуубуз зарыл», — деп айтты оз созундо шаардын мэринин орун басары.

«Тынчтык наны» акциясын уюштурууга катышкан «аялзатынын жана Кыргызстандагы элдин жабырлануучу катмарынын потенциалын которуу» боюнча долбоордун кооринатору Химия Суоркулованын айтымында майга бышкан нан «баардык таарынычтарды» кечируунун симвоу болуп эсептелет.

«Нандын улуту, дини, эли да жок. Мындан биз ар кайсы улуттагы айымдар биригип жон кана нан бышырып жатканын кордук. «Май-токоч», бул майга бышкан нан. Ал малды курмандыкка чалууда же жаманчылыкты кетирип, жакшылыкты тилоодо дайыма кечиримдуулуктун символу болуп эсептелинип келген», — деп тушундурот Суоркулова оз созун.

Акция учурунда ары-бери откондорго нан таркатылып, алар болсо оз кезегинде улуттар аралык кагылышууда каза тапкандардын жаркын элесине арнап куран окуп, озулорунун создорун айтып жатышты. Белгилей кетсек бул акцияда атайын нан жасоого 7 кап ун сарыпталган.

«7 саны менен коп нерселер байланыштуу», — деп тушундурот акциянын уюштуруучусу.

«Биримдик жана бирдиктүүлүк»

«Ирет» коомдук фондунун кызматкери Тотия Исакова мындай акциялар бир кана Ош жергесинин эмес, бүткүл Кыргызстандын элинин бирдиктүү болушуна өбөлгө түзөт.

Татар диаспорасынын окулу Зульфия Темирбулатова бул иш-чарага дагы башка улуттардын элдерин чакырган. Бирок алар озулорунун коркуу сезимин жене албай, акцияга катышкан эмес.

«Балким аларда кандайдыр бир коркунуч же ишенбоо бар болуш керек, ошол себептен алар келишкен жок. Дагы алардын арасында уйунон эле Ош окуясында наабыт болгондорго куран окуткандары да бар. Балким ошондуктан алар бул акцияга катышышкан жок», — деп айтты татар элинин окулу.

Акцияга катышып жаткан Хасиятхан Артыкова "элдин бирдиктуу болуусун каалап, бул аймакта жашап, бир нанды болушуп жеп аткан сон учунчу кучторго каршы туруп жана ошондой эле
эч убакта Кыргызстан биз учун биринчи кезекте туулуп оскон жерибиз экендигин унутпашыбыз керек" деп оз созундо баса белгилеп отту.

Сонунбубу Исмаилова иш-чарага катышуу учун Алайдан бери келген. Ал «энелердин журогун сыздатып, баардык кыргыз элин кайгырткан мындай кандуу окуя экинчи кайталанбай тургандыгына ишенет».

«Мен тынчтык, сабырдуулук жана элдин биримдиги учун ушул жака келдим. Эгер уйдо нан болсо тынчтык да болот. Ошол себептен бул биз жасаган нан элибиздин ичинде тынчтык жана бирдиктуулук бар экендигин айкын айтып турат», — деди Сонунбүбү айым.

Материалды которгон: Кундуз Исмаилова