Сүрөт: Жай күндөрүндө баш калаанын жашоочулары сейил бактарда

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Панфилов сейил багы шаардын тургундары менен конокторуна эс алуунун ар кандай түрүн сунуштайт.

Atabek_Park_July2014 (1)

Atabek_Park_July2014 (6)

Паркка келген ар бир эс алуучу өзүнүн жаш курагына ылайыктуу атракционго түшүп, көңүл ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Баалар орто эсеп менен 40 сомдун тегерегинде.

Atabek_Park_July2014 (14)

Бул жерде атракциондордун алты-жети түрүн көрүүгө болот, көпчүлүгү кооптуу болгондуктан жаш балдарга жана жүрөгү оруулуу адамдарга сунушталбайт.

Atabek_Park_July2014 (7)

Сейил бакта дүкөндөр, кафелер адамдардын кызматында.

Atabek_Park_July2014 (3)

Жаныбарлардан коён, жылан, ондатра, канаттуулардан болсо тоос, көгүчкөндөрдү кезиктирүүгө болот. Каалоочулар ал жаныбарлар менен сүрөткө түшсө болот - акысы 20 сом.

Atabek_Park_July2014 (17)

Түрдүү оюн-тамашалар сейил бактын ар бурчунда.

Atabek_Park_July2014 (12)

Келген адамдардын кызуу маек куруп жатканын же болбосо үй-бүлөсү менен келип олтургандарына күбө боло аласыз.

Atabek_Park_July2014 (5)

Панфилов сейил багы көк шиберлүү салкын жай.

Atabek_Park_July2014 (15)

Бул жерге эс алуу үчүн келген адамдардын агымынын көптүгү байкалып турат.