Бишкек: «Тарбиялык маектен» кийин маршруттук таксилер каттамга чыгышты

Маршруттук таксилердин айдоочулары нааразычылыктарын токтотуп, жумушка чыгышты, деп билдиришти Бишкек мэриясынан. Шаардык кеңештин төрагасынын айтымында, учурда жол кирени жогорулатуу маселеси каралып жатат.

Бишкектин көчөлөрүндө кайрадан маршруттук таксилер пайда болду — эң популярдуу коомдук транспорт түрүнүн айдоочулары иш таштоолорун токтотуп, каттамдарга чыгышты, деп билдирди борбордун мэриясы.

Жол коопсуздук эрежелерин бузуу үчүн жаңы айыптардын киргизилиши жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам 28-июль күнү айдоочулар иш таштоого барышып, Бишкек маршруттук таксилерсиз калган.

Анткен менен борбордун бийлиги шаарда коомдук транспорттун бул түрүнүн жоктугун айдоочуларга карата «белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болгондугу» менен түшүндүрдү — учурда бул версия расмий версия болуп эсептелүүдө.

«Конкреттүү коркутуулар жок. Алар мас абалында чыгып алышып, айнектерди талкалайбыз деп кыйкырып жүрүшкөн айдоочулар болушкан. Алар менен тарбиялык маектерди жүргүздүк», — деди Kloop.kgге берген маегинде Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыканов.

Анын айтымында, мэрия учурда айдоочулардын жол кирени жогорулатуу жана жаңы киргизилген айыптарды жокко чыгаруу талаптарын карап жатат.

«Алардын коюп жаткан талаптары укуктук талаада каралат. Бирок ал маселе ачык бойдон калууда — күйүүчү май кымбаттап жатат, мындан улам кандайдыр бир чараларды көрүү керек. Антпесек биз таптакыр транспорт жок калабыз», — деди Атыканов.

Тема боюнча: Бишкек маршруттук таксилерсиз (сүрөтбаян)

Айдоочулардын өзүлөрү бул боюнча комментарий алууга жеткиликсиз болуп жатышат.

Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов Kloop.kgге берген маегинде учурда аткаруу органдары жол кирени жогорулатуу маселесин карап жаткандыктарын айтты.

«Маселе изилденүүдө. Мэрия бул маселени изилдеп чыккандан кийин шаардык кеңешке сунуш киргизишет. [...] Биз бааларды жогорулатуу маселесин өтө кылдаттык менен карайбыз», — деди ал.

Маршруттук таксилердин айдоочулары 28-июль күнү жол кирени жогорулатуу боюнча түрдүү — 15 сомдон 30 сомго чейин көтөрүү талаптарын айтышкан. Азыр жүргүнчүлөр кичи автобустарга күндүз 10 сом, кечинде 12 сом төлөшөт.

Аманкуловдун өзү жол кирени жогорулатууда этиятташ керек деп эсептейт — алгач бул маселени жакшылап изилдеп чыгуу керек.

«Мен жол кирени бир нече эсеге жогорулатуу керек дегендерди колдобойм. Алгач кырдаалды иликтеп, күйүүчү май канчага кымбаттады, канчалык кошумча жүктөм болуп жаткандыгын аныктап чыгуу керек», — деди шаардык кеңештин төрагасы.