«Бузулгус достук» деген аталыштагы машыгуулардын ачылышында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери менен техникалары тааныштырылды.
Машыгуулар НАТОнун (Түндүкатлантикалык келишим уюмунун) аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерий карым-катнашынын сапатын жогорулатуу иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт.ЖККУнун курамына Армения, Беларуссия, Казахстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.Машыгуулар Токмоктогу «Ала-Тоо» окуу борборунун аймагында 29-июлдан 1-августка чейин өтөт.ЖККУга мүчө өлкөлөр машыгууларга сапер-инженерлерден тарта авиациялык аскерлерге чейин түрдүү аскер бөлүктөрүн алып келишкен.
Кыргызстандын аскерлери:Машыгуулар аскер бөлүктөрүнүн түрдүү жерлерге тез аранын ичинде жайгашууга даяр экендиктерин далилдейт, деди Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев.ЖККУнун милдети келишимге мүчө өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин сырткы аскердик-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле ири масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо болуп саналат.
Казакстандын аскерлери:ЖККУнун аскерлеринин машыгуулары жыл сайын анын курамына кирген өлкөлөрдүн биринин аймагында өткөрүлөт. Өткөрүлүп жаткан бул машыгууларга 8 миллионго чукул каражат бөлүнгөн. Ал акчалар иш сапар үчүн кеткен чыгымдарга, күйүүчү майга жана келген коноктордун тамак-ашы менен жашоосуна жумшалат.Аскерлердин мында аткаруулары керек болгон милдеттеринин арасында — тосмо бекеттерде кызмат өтөө, барымтадагы адамдарды бошотуу, гуманитардык жүктөрдү коштоп жүрүү жана массалык башаламандыктарга каршы туруу маселелери бар.
Тажикстандын аскерлери:
ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа: «Түрдүү террористтик уюмдар деструктивдүү аракеттерди жүргүзүп жаткан азыркы шартта ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнүн ортосундагы карым-катнашты жөнгө салуу өтө маанилүү».Машыгууга түрдүү бөлүктөрдөн турган 700гө чукул аскер кызматкери катышат.
Орусиянын аскерлери:Ар бир өлкө массалык башаламандыктарды токтотуу боюнча магышууларга катыша турган ички иштер, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрүн жөнөтүшкөн.
Белоруссиянын аскерлери:
Машыгууга БУУнун тынчтык орнотуу боюнча операция департаменти менен Эл аралык кызыл крест уюмунун өкүлдөрү да катышышат.
Армениянын аскерлери:Авторлор: Наргиза Акунова жана Алексей Ким