Ысык-Көлдүн жээгинде иштеген балдар чоңдордун кылмыштуу топторунун баскычтарына окшогон өз ара мамиленин оор системасын курушкан. Бул алардын келечектерине кандай таасирин тийгизет?
Саша (аты өзгөртүлдү) күн сайын саат 7де турат да кечинде кеч жатат. Ал 16да, жайында Бостери айылы менен Чолпон-Ата шаарларынын көл жээктериндеги соода жайларына нан жеткирип иштейт.«Акча табуу үчүн мен Кеминден бул жакка үчүнчү жыл келип жатам. Мени баары таанайт жана сыйлашат, ошондуктан бул жолкусунда орун табуу кыйын болгон жок. Мени кыргыз тилин билгендигим үчүн кабыл алышты. Мага ушунумдун плюс экенин айтышат», — деди Саша.
Баарынын эле жолу боло бербейт
Көл жээгине коюлуучу кол чатырларды ижарага берип иштеген 12 жаштагы бала туристтик аймакка каалаган эле өспүрүм келип Саша сыяктуу иштей албастыгын айтат.
«Көл жээгине келип баары эле иштей албайт, жергиликтүүлөр гана. Биз эч нерседен коркпойбуз, биз үчүн чоңдор жооп беришет. Өз көйгөйлөрүбүздү биз өз алдынча чечебиз. Кол чатырларды көрдүңөрбү? Эгер кимдир бирөө биздин аймакка кирип кетсе ошолор менен уруп урушабыз», — деди бул сыяктуу талаш-тартыштарды кадыресе көрүнүштөй кабыл алып калган өспүрүм.«Кол жээги орундарга бөлүнгөн, эгер башка бирөөнүн аймагына кирип кетсең жакшы эле жазаңды тартып калышың мүмкүн. Сезондун башталышында баарыбызды «смотрящий» чогултуп, эмне кылууга мүмкүн, а эмнени кылууга болбой тургандыгын айтып берет», — деп улантты ал.
Саша кээ бирде анда да көйгөйлөр болоорун айтат.
«Кээ бирөөлөрү мени жактырышпайт, анткени мен жакшы иштейм, башкаларга караганда көбүрөөк да иштеп табам. Кечээ мага «башкалардын аймагына кирбе, антпесе көрөсүң» дешти. Эч нерсе эмес, көрөбүз да».
Авторитеттер
Ысык-Көл облусу кээ бир учурларда туристтик тармакта укук коргоо органдарынан да көбүрөөк салмакка ээ болгон кылмыштуу топтору менен белгилүү.Чоңдордун дүйнөсүн «смотрящийлер» башкарса, балдардын арасында ал сыяктуу өздөрүнүн кичинекей прототиби бар экен — алардын регулярдуу түрдө зордук-зомбулук көрүнүштөрүнө (кээ бир учурларда адам өлтүрүүлөргө да) күбө болуп келе жаткандыктарын эске алганда бул анчалык деле таң калычтуу эмес.
Эрежелерди бузгандыгы үчүн иштеп жаткан өспүрүмдүн колун сындыруулары мүмкүн. Жашы жогорулаган сайын жазалар да катаал боло баштайт.
«Балдар өз ара өзүлөрү эле мушташышат, алардын өзүнчө смотрящийлери бар, а чоңдордуку өзүнчө. Чоңдор жаш муундардын иштерине кийлигишишпейт, балдар баарын өзүлөрү чечишет. Бирок… (кабагын чытып) баары ушундан башталат да», — деди жергиликтүү жумушчулардын бири.
Балдардын эрежеси эмес
Балдар дүйнөсүнүн эрежелери уурулук сыяктуу кереги жок көңүл бурууларга алып келе турган бардык аракеттерге тыюу салат.Көпчүлүк учурларда чыр-чатактар күбөсүз, эл жок жерлерде чечилет, бирок жайкы сезон маалында андай учурлар сейрек кездешет.
Эс алуучуларды коркутуп албоо үчүн териштирүүлөр сезон аяктаганда башталат — ал процесске балдар менен чоңдор биргеликте чогуу катышышат.
Өткөн жайдын жыйынтыктарын чыгаруу маалында кийинки жылдын сезонундагы таасир этүү чектери такталат.Ар бири көбүрөөк акча иштеп табууну каалайт эмеспи, ошондуктан бул этапта кээ бирде кан төгүүгө чейин жеткен чыр-чатактар чыгат.
Бул көл жээгинде иштеген балдарды оңтойсуздандырбайт — алардын башкы кумири болуп дал криминал авторитеттери эсептелинет, алардын арасында өзгөчө орунду 2006-жылы атылып өлтүрүлгөн ысык-көлдүк авторитет Рыспек Акматбаев ээлейт.
«Кара» жашоо сонун, бирок кыска, — дейт кезектеги туристтерге кол чатырдын алдындагы салкын орунду сунуштаардын алдында өспүрүм-ишкер Адыл (аты өзгөртүлдү). — Рыспек чындыгында эле жакшы болчу», — деп ишенет ал.Адыл криминал дүйнөсүнүн түшүнүктөрүн ийне-жибине чейин мыкты билет, бирок жадыбалдыны анча билбей тургандыгын мойнуна алды.
«Менин көл жээгинде иштеп жүргөнүмдүн эмнеси жаман? Ата-энем менин эмне менен алектенип жүргөнүмдү билет. Мен автоунаа сатып алууга акча чогултуп атам, үйгө да жардам бергенге жетишем. Ата-энем мени менен сыймыктанышат», — дейт ал.
Бирок иштеп жүргөн балдардын бардыгынын эле толук кандуу үй-бүлөсү жок.
Сашанын апасы ал кичинекей кезинде эле кайтыш болгон. Атасы болсо уулу төрөлгөндөн кийин эле Орусияга кетип, 15 жыл бою Сашанын жашоосуна эч кызыккан эмес.Өткөн жылы гана уулун «Одноклассникиден» таап, кайра өзүнө кайтарып алгысы келип жатканын айткан.
Саша алгачкы жолу Чолпон-Атага иштегени келгенде ата-энесинин жоктугу ага кошумча көйгөй болгон — жардам берчү эч ким жок, таптакыр тааныш эмес шаарда ал жапжалгыз болчу.Көнүп калганы менен Саша азыр деле обочолонуп жүрөт.
«Балдар топторго биригүүгө аракет кылышат, бирок мен дайыма өзүм менен өзүммүн, мага ушундай жагат».
Милиция эч нерсени чечпейт
Ал ортодо укук коргоо органдары эч кандай криминал жок, уюшкан кылмыштуу топтун бардыгы тең жок кылынган жана кылмышкерлердин бардык аракеттери көзөмөлдөнүүдө деп, мындай жагдайды көрмөксөн болуп келишет.«Менттер эч нерсе чечишпейт. Мушташууларды карап коюп гана өтүп кетишет», — деди көл жээгинде иштеген өспүрүмдөрдүн дагы бири.
Каардуу 90-жылдарды көрбөй калган муун күн сайын ошол мезгилдеги эрежелер менен жашап келет.Туристтер эс алып, криминал аларды тейлеп, орун басуучулар өсүп жатат…
Авторлор: Роман Буряк, Жамиля Жакыпбекова жана Шырын Абайханова
Сүрөттөрдүн автору: Роман Буряк