Жогорку сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароодон баш тартты. Жактоочу иштин кайра каралышы үчүн күрөшүн уланта тургандыгын айтууда.
Укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов Kloop.kgге берген маегинде ишти кайра кароо негизсиз жана чыгарылган өкүмдү кайра кароо үчүн иштин материалдарын текшерүүнү токтотуу жөнүндөгү эки токтом боюнча Жогорку сотко даттанып, жеңип чыгууга аракет кылгандыктарын билдирди.
Жогорку сот Аскаровдун ишин кайра кароо негизсиз деген шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Жактоочунун айтымында, экинчи токтом сотто каралган эмес.
«Аларда [иштин материалдарын текшерүүнү токтотуу жөнүндөгү токтомго карата] арыз жок экенин түшүндүрүштү. Биз териштирип баштаганыбызда токтом боюнча кандайдыр бир түшүндүрмөнү августта эле жөнөткөндүктөрүн айтышты. Эмне болгон түшүндүрмө? Биз билбейбиз», — деди Вахитов.
Жактоочу ал түшүндүрмөнү алып, окуп чыккандан кийин гана кандайдыр бир аракеттерди көрө тургандыктарын кошумчалады.
Жаңы ачылган жагдайлар
Башкы прокуратура 2013-жылдын май айында жаңы ачылган жагдайлардан улам соттук процессти кайра жандандыруу үчүн Аскаровдун ишиндеги материалдарды текшерүү боюнча тергөө тобун түзгөн.
Бирок 2014-жылдын февралында башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова жагдайларды текшерүүнү токтотуп, ишти кайра жандандырууга негиз жок экенин түшүндүргөн.
Анда жактоочу Валерьян Вахитов Усманованын токтому боюнча Бишкектин Октябрь райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын токтомун жокко чыгарып, көзөмөл органын Аскаровдун иши боюнча процессти жандандырууга милдеттендирген.
Көп өтпөй Башкы прокуратура Октябрь райондук сотунун чечими боюнча экинчи баскычтагы сотко даттанып, жеңип чыккан.
Аскаровдун иши
Азимжан Аскаров — укук коргоо органдарындагы кыйноолор менен күрөшкөн Жалал-Абад облусунан чыккан укук коргоочу. Ал милиция тарабынан 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндө орун алган кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы жаңжалдан кийин кармалган.
Аскаров 2010-жылы алгач төмөнкү инстанциядагы сот тарабынан, андан кийин Кыргызстандын Жогорку соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ал «улуттар аралык араздашууну тутандырган» жана 2010-жылдын июнунда өлкө түштүгүндөгү кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы улуттар аралык кагылышуу маалында милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду өлтүргөн деп айыпталган.
Эл аралык амнистия» уюму баш болгон бир топ укук коргоочу уюмдар Аскаровду куугунтуктоону сынга алышкан – алар чечим милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарылгандыгын, жана укук коргоочуга карата «кыйноолор колдонулуп», анын иши боюнча процесс олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгондугун билдиришкен.