Университеттин украин таануу кабинетинин жетекчилиги менен окуу жайдын расмий өкүлдөрү борбордун жоюлганын четке кагып, аны башка окуу имаратына көчүргөндүктөрүн билдиришти.

Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы имаратындагы украин таануу кабинетинин жоюлгандыгы жөнүндөгү ушактар 30-октябрда пайда болгон.

«Жакында эле Кыргыз-Орус Славян университетинин башкы корпусундагы украин таануу классын жоюп салгандыктары менин күлкүмдү келтирди. Стенддерди, картаны, Тарас Шевченконун сүрөтүн, желектерди алып чыгышты… Бопбош болгон гана бөлмө калды», — деп жазган Максим Велираминов аттуу колдонуучу өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Анын айтымында, кабинеттен чыгарылган желектер «боштукка чулганган коридордо» табылган, а окуу жайдын мугалимдеринин бири класс «Илбирстин» имаратында жайгашкан окуу корпуска которула тургандыгын жана «ал саясаттан сырткаркы тарых» экенин айткан.

Велираминов бир нече күндөн кийин коридордо Украинанын желегин таппай калгандыгын, а «Илбирстин» имаратындагылар ага украин классы тууралуу эч нерсе укпагандыктары жөнүндө айткандыктарын жазган.

«Алар эч кандай украин таануу классы тууралуу билбей тургандыктарын […], ал эми Н.Д. аттуу мугалим жөнүндө биринчи жолу угуп жаткандыктарын айтышты. Желекти тигип коюу — жөнөкөй эле иш, бирок окуя кызык болууда. Анан да кандайдыр бир ылайыксызыраак. Бирок мен мунун баарын кырдаалдардын айкалышы, а өзүмдү начар тыңчы деп эсептейм. Жок — эсептебейм», — деп жазган ал.

Кабинет башка жакка көчүрүлгөн

Кыргыз-Орус Славян университетинин украин таануу борборунун жетекчиси Нина Коминарец Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде кабинеттин башка имаратка көчүрүлүшү «саясатка байланыштуу эмес» экенин билдирди.

«Жөн гана борборду «Илбирске» көчүрүшөт, француз, испан, араб тилдеринин борборлору сыяктуу эле. А биздин борбордун ордуна жаңы компьютер классын ачышат. Ушундай зарылчылык пайда болду. Мунун бардыгы саясаттан сырткары», — деп билдирди Коминарец.

Анын айтымында, жаңы имараттагы кабинет бир айдан кийин даяр болот, азырынча ага материалдык базанын бардыгын көчүрүшкөн. Ал борбор №501 кабинетке жайгаштырылаарын кошумчалады.

«Азыр ал жак бош. Анда жыгач усталар текчелерди жасап, материалдык базаларды жайгаштырууга убакыт керек. Азырынча китептерибиз кампада», — деди ал.

Kloop.kgнин кабарчысынын байкоосуна ылайык, бир нече компьютер үстөлдөрүн кошпогондо украин таануу борборунун эски кабинети бош, а жаңысында парталар менен отургучтар гана коюлган — азырынча класста украин таануу борбору экенин билдирчү эч кандай белгилер жок.

Башкы тил борборлору — араб жана франкофония таануу борборлору жабык экен, бирок эшиктин терезесинен алар жасалгалангандыгы көрүнүп турду.

Студенттери окуу жайдын башкы корпусу менен «Илбирстин» имаратында окуган Эл аралык мамилелер факультетинин деканатынын өкүлү кабинет «техникалык зарылчылыктардан» улам көчүрүлгөнүн ырастады.

Украин таануу борбору

Украин таануу борбору 2001-жылы Украинанын борбору — Киев мэриясынын колдоосунда ачылган. Бул Кыргызстандын окуу жайларындагы жалгыз украин таануу борбору эмес — андан сырткары Бишкек гуманитардык университети менен Кыргыз улуттук университетинде да украин тили борборлору бар.

2012-жылга чейин Кыргыз-Орус Славян университетинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттери украин тилин экинчи чет тили катары окуй алышчу.

Акыркы курстун студенттеринин айтымдарында, ошондо эле, 2012-жылы украин жана поляк тили окуу үчүн сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн гана жеткиликтүү болуп калган.

Кабинеттин жоюлгандыгы жөнүндөгү ушактар Орусия менен Украинанын ортосундагы мамилелердин начарлашынын фонунда пайда болду. Украинанын жаңы бийлиги менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Крымды тартып алууга жана өлкөнүн түштүк-чыгышындагы кагылышууларды күчөтүүгө айыптап келет.

Орусия бийлиги болсо азыркыга чейин 2014-жылдын апрелинде көз карандысыздыктары тууралуу жарыялашкан Донецк жана Луганск облустарындагы кагылышууларга тиешеси бардыгын четке кагууда.

Алгачкы билдирүүлөрүндө украин президенти Виктор Януковичтин кызматтан алынышын колдогон Кыргызстан талаштуу референдумдун жыйынтыгында Крым жарым аралы Орусиянын курамына кошулгандан кийин өз позициясын өзгөрткөн — кыргыз ТИМи аны «объективдүү чындык» деп атаган.

Учурда Кыргызстандын бийлиги Орусияны «башкы стратегиялык өнөктөш» деп атап, Орусия, Беларусь жана Казакстандан турган Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө.