Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз телеканалдарына берген маегинде коммерциялык эмес уюмдардын каржы булактары ачык болушу керектигин билдирди. Сынчылар актынын кабыл алынышы менен эркиндиктин «күнү бүтөт» деп эсептешүүдө.
Өлкө башчысынын телеканалдарга берген маеги 1-декабрда, Атамбаевдин президенттигинин үч жылдыгына карата көрсөтүлдү.
Бир саатка созулган маегинде президент учурда парламентте талкууланып жаткан «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорунун идеясын колдоду.
Мыйзам саясий ишмердүүлүктөр менен алектенип жаткан коммерциялык эмес уюмдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштайт. Аны менен катар коммерциялык эмес уюмдун саясат менен алектенип жаткан-жатпаганын уюмдун өзү эмес, а мамлекет аныктайт.
Мыйзамдын долбооруна ылйык, мамлекеттик органдар коммерциялык эмес уюмдарга каршы бир катар чараларды көрө алышат — эгер уюм уставдык максаттарга ылайык иштебесе аны жаба алат жана жеке каржылык текшерүүлөрдү жүргүзө алат.
Атамбаев адамдардын коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнүн артында «кимдердин тураарын билүүлөрү үчүн» алар «ачык», «отчет берме» болуулары керектигин айтты.
«Мисалы, эгер Бишкекте [ишкер Джордж] Соростун келишине каршы же өлкөнүн Бажы биримдигине киришине каршы митинг өтүп жатса, адамдардын аны ким каржылап жатканын, тигил же бул процесстердин, тигил же бул коммерциялык эмес уюмдардын артында кимдин тураарын билиши үчүн», — деди президент.
Атамбаевдин бул позициясы анын 2013-жылдын сентябрында карманган позициясынан айырмаланат. Анда президент «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбооруна вето коюп, андай актынын кереги жоктугун билдирген болчу.
Азыр өлкө башчысы «улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы» үчүн мыйзам зарыл деп эсептейт. Айтымында, кээ бир коммерциялык уюмдар учурда саясий ишмердүүлүктөр менен алектенип жатышат.
«Өлкө үчүн, жарандар үчүн иштеп жаткан коммерциялык эмес уюмдар бар, ошол эле маалда кимдир бирөөнүн конкреттүү саясий буйрутмаларын аткарып жаткан уюмдар да бар. Биз эки революцияны башыбыздан өткөрдүк, ар бир чоң өлкө, өзгөчө геосаясаттын киттеринин Кыргызстанда өз кызыкчылыктары бар, улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн биз ал кызыкчылыктарды көзөмөлдөшүбүз керек», — деп билдирди президент.
Атамбаев «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алаары же ага вето коеру тууралуу берилген суроого түз жооп берген жок. Ал бардыгы тең долбоордун парламенттен кандай түрдө келээрине жараша болоорун айтты.
«Эркиндиктин күнү бүтөт»
EurasiaNet аналитикалык порталынын редактору Дэвид Триллинг «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү материалында идеяны сындагандарга шилтеме жасоо менен сөз эркиндиги жана башка жарандык эркиндиктердин күнү бүтүшү мүмкүндүгүн жазган.
Материалда ал бийлик мыйзам долбоорун активисттер менен эсептешүү үчүн пайдаланышы мүмкүндүгүн айткан укуктук маселелер боюнча эксперт Шерадил Бактыгуловдун айткандарын келтирген.
«Алар коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарга: «Эгер силер муну-муну кылбасаңар, силерди жаап салабыз» деп айта алышат», — деп жазган макаланын автору Бактыгуловдун айткандарын.
«Голос свободы» укук коргоо порталынын башкы редактору Абдымомун Мамараимов Kloop.kgге берген маегинде президенттин «чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу айткандарына «капаланып жатканын» айтты.
«Башкасы болбосо да ал (президент Алмазбек Атамбаев) өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жарандык коомчулуктун, активисттердин ролун билиши керек болчу. Аны менен катар ал мыйзам долбоорун окуй электигин айтты. Мен анын ордунда болгонумда мындай чукул билдирүүлөрдү жасоодон карманмакмын», — деди Мамараимов.
Ал президент мыйзам долбоору боюнча позициясын өзгөрткөндөн кийин ал акт бардык баскычтардан өтүп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.
«[Президенттин билдирүүсүн] белги катары кабыл алууга болот. Менин оюмча, депутаттардын көбү анын пикирин эске алат», — деди «Голос Свободы» укук коргоо порталынын башкы редактору.
«Чет элдик агенттер»
«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоору депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев тарабынан 2013-жылы сунушталган.
Парламентарийлердин пикирлеринде, акт коммерциялык эмес уюмдар тармагында «ачыктуулук менен транспаренттүүлүктүн» болушуна багытталган.
«Эгер Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар документтеринде көрсөтүгөн максаттарына карабастан мамлекеттик органдар тарабынан чечимдердин кабыл алынышына тоскоолдук кылса (каржылоо жолу менен болсо да), ошондой эле коомчулук пикирин көрсөтүлгөн максаттарда калыптардырса ал саясий ишмердүүлүккө катышып жатат деп табылат», — деп жазылган мыйзам долбоорго тиркелген негиздеме-маалымкатта.
Бирок мыйзам долбоору президент Атамбаев тараптан колдоо тапкан эмес. Президент Бельгияга иш сапары менен барып, Евробиримдик менен НАТОнун өкүлдөрү менен жолугуп келгенден кийин актка вето койгон.
Мыйзам долбоору азыр парламентте кайрадан каралууда. Акыркы талкуулардын биринде Юстиция министрлигинин өкүлү мыйзамдын сакталышын камсыз кылуу үчүн ири суммадагы каражатты талап кылган бюрократиялык түзүм түзүү керектигин, бирок ага мамлекеттин алы жетпей тургандыгын билдирди.
Талкуу ал мыйзам долбоорун кабыл албоо сунуштамасы менен аяктады.
Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы