Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Москвага иш-сапары менен барды. Анда анын Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында өлкөнүн Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши жөнүндөгү келишимге кол коюшу күтүлүүдө.

2015-жылдын 1-январында Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши күтүлүүдө.

Кыргызстандын өкмөтү менен эки парламенттик комитети - эл аралык иштер, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттери - Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине кириши боюнча келишим долбоорун 22-декабрда - иш жүзүндө анын кол коюлушуна бир күн калганда жактырышкан.

Президент Алмазбек Атамбаевдин келишимге 2014-жылдын 23-декабрындагы иш сапарынын жүрүшүндө кол коюушу күтүлүүдө. Анда ал Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйындарына катышат.

Атамбаев келишимге кол койгондон кийин аны кыргыз парламентинин депутаттары бекитүүлөрү керек болот.

Бажы биримдигине кошулуу

Кыргызстан үч жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин Бажы биримдигине кирүүнүн алдында турат. 2011-жылдын апрелинде өлкө бийлиги курамына Орусия, Казакстан жана Беларусь кирген интеграциялык биримдикке кошулаарын жарыялаган.

2014-жылдын май айында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеш Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине кириши боюнча Жол картасын кабыл алган.

Кыргызстандын бийлиги 181 пункттан турган тизмени аткаруулары керек болгон - тиешелүү мыйзамдарды, нормативдик-укуктук актыларды кабыл алуу, бажы жана чек ара өтмөктөрүндө жабдууларды алмаштыруу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча мыйзам долбоорлору дагы деле кыргыз парламентинин депутаттары тарабынан каралууда.

2014-жылдын декабрынын башында премьер-министр Жоомарт Оторбаев иш жүзүндө Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүү 2015-жылдын май айында ишке аша тургандыгын билдирген.

Орусия, Казакстан жана Беларусь менен интеграцияга баруу идеясы башынан эле ар түрдүү пикирлерди жараткан.

Өлкөнүн Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан, Орусия сыяктуу чоң товар сатып өткөрүү рыноктору ачылат, өлкөдө өнөр жайдын өнүгүшү башталат жана кыргызстандыктарга карата миграциялык мыйзамдар жөнөкөйлөштүрүлөт деп эсептешүүдө.

Каршылаштары болсо Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин эгемендүүлүгүн жоготуп, товарларга болгон баалар бир канча эсеге жогорулап, а Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болушат деп кооптонушууда.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине каршы болгон активисттердин тобу бир нече жолу Бишкекте нааразычылык акцияларын өткөрүүгө аракет кылышкан, бирок аларга дайыма укук коргоо органдары тоскоолдук кылып келишет.