Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерген кириши тууралуу келишимге 23-декабрда кол койду. Бирок Кыргызстан 2015-жылдын майында интеграциянын толук кандуу мүчөсү болот.
Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши тууралуу келишимге 2014-жылдын 23-декабрында Москвада кол коюлду.
Алмазбек Атамбаев документке Евразиялык экономикалык биримдиктин башкы органы болуп эсептелген Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө кол койду.
Өлкө башчысы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши иш жүзүндө 2015-жылдын майында болоорун билдирди.
«Кыргызстан кийинки жылдын 9-майына, Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин мааракесине карата Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болот деген үмүттөмүн. [...] Мен 1-майга чейин Кыргызстандын алдына коюлган бардык маселелерди аткарып, сөзүбүзгө турабыз деп ойлойм. Жумуштардын бардыгын аткарабыз», - деп билдирди Атамбаев.
Кыргызстандын президенти кол коюлган келишимде өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киришинин көрсөткүчтөрү аныкталгандыгын белгиледи.
«Кол коюлган келишимде Кыргызстандын кошулуусунун [Бажы биримдигине] көрсөткүчтөрү ачык жана адилеттүү аныкталган, үлүштүк бөлүктөрүн бөлүштүрүү, Бирдиктүү бажы тарифтери, келишимдин күчүнө кирүү мөөнөттөрү, бажы тарифтерин пайдалануу жана кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлдөрүн жоюу даталары аныкталган», - деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.
23-декабрда кыргыз парламентинин басма сөз кызматы кол коюлгандан кийин келишим депутаттар тарабынан ратификацияланышы керектигин билдирген.
Андан сырткары келишим Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн парламенттери жана президенттери тарабынан ратификацияланышы керек.
Евразиялык экономикалык биримдиктин өзү Орусия, Казакстан жана Белоруссиядан турган Бажы биримдигинин базасында 1-январдан тарта иштеп баштайт.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Армения 2015-жылдын 2-январынан тарта интеграциялык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп каларын түшүндүрүштү.
Белоруссия - 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдикте төрагалык кыла турган биринчи өлкө. Биримдикти түзүү боюнча келишимге ылайык, төрагалык кылуу 2016-жылы Казакстанга өтөт.
«Нааразычылык акциялары пландалбай эле»
Оппозициялык Улуттук кыймылдын лидери жана кыргыз парламентинин депутаты Равшан Жээнбеков Kloop.кgге берген маегинде Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна каршы нааразычылык акцияларын өткөрүү «пландалбагандыгын» билдирди.
«Тилекке каршы, биздин президенттин уккусу келбейт. Ал аны өзүнүн жалгыз чечими жана жалгыз жолу деп ойлоп жатат. Ошондуктан биз аны токтото албаганыбызды моюнга алышыбыз керек, бул маселеде биз утулуп калдык десек болот», - деп билдирди Жээнбеков.
«Кыргызстан Бажы биримдигине каршы» тобу 23-декабрда Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун «легитимсиз» жана «жаңылыш» деп атап, өлкө жарандарына кайрылуусун жарыялаган.
«Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кириши мамлекеттин эгемендүүлүгүн, саясий, маалыматтык жана экономикалык коопсуздукту, демократиялык жетишкендиктерди жоготууга, адам укуктары менен эркиндигинин бузулушуна алып барчу легитимсиз, шашылыш жана жаңылыш кабыл алынган чечим болуп эсептелет», - деп жазылган билдирүүдө.
Бажы биримдигине кирүү
Алгач Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке 2015-жылдын 1-январында кириши божомолдонуп жаткан.
Бирок кыргыз депутаттары евразиялык интеграциялык биримдикке кирүү үчүн мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алууга жетишишкен жок.
Кыргызстандын бийлиги Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү үчүн 181 пункттан турган Жол картасынын тизмесин аткаруусу керек болчу - тиешелүү мыйзамдарды, нормативдик-укуктук актыларды кабыл алуу, бажы жана чек ара өтмөктөрүндөгү жабдууларды алмаштыруу.
Кыргызстандын Орусия, Белоруссия жана Казакстан тараптан негизделген Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы эле башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.
Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлерине Казакстан жана Орусия сыяктуу чоң товар сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешүүдө.
Каршылаштары болсо Кытайдан алынып келинген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайра экспорттоо менен алектенген ишкерлер банкрот болушат жана Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасири күчөйт деп кооптонуп келишет.