Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев мекеме 2015-жылдын февралында электр энергиясына болгон бааны айына 700 кВт/сааттан ашык пайдаланган абоненттер үчүн 1,82 сомго чейин төмөндөтүүгө ниеттенип жаткандыгын билдирди.
Кыргызстандыктардын импорттолгон электр жарыгын күтүлкөндөн аз көлөмдө пайдаланып жаткандыгынан улам, айына 700 кВт/сааттан көп керектеген абоненттер үчүн электр энергиясынын баасын төмөндөтүү пландалууда.
2014-жылдын 11-декабрынан тарта Энергетика министрлиги менен Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик электр энергиясына жаңы тарифтерди киргизген. Анда 700кВт/саатка чейинки көлөмдө керектелген электр жарыгынын баасы 1кВт/сааты үчүн 70 тыйынды, 700кВт/сааттан ашкан учурда (лимиттен ашканда) — 2,05 сомду түзгөн.
Жаңы тарифтер Кыргызстандын электр энергиясын Казакстандан сатып алып баштагандыгына байланыштуу киргизилген — казак электринин 1кВт/сааты 5,13 сомду түзгөн.
Отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев лимиттен ашык пайдаланылган электр энергиясынын баасын 23 тыйынга — 1 кВт/саатын 1,82 сомго чейин арзандатуу пландалып жаткандыгын билдирди.
Ошентип, алгачкы 700 кВт/саат электр энергиясы 70 тыйындан, а калганы 1 кВт/сааты үчүн 1,82 сомдон эсептелинет.
«Биз энергетика жана өнөр-жай министри болуп президентке [Алмазбек Атамбаевге] импорттун абалы тууралуу кабар берип, жалпы жонунан декабрда пландалган көлөмдөр азайгандыгын, декабрга 233 млн. кВт/саатка келишим түзгөндүгүбүздү белгиледик. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өткөн айда импорт 118 млн. кВт/саатты түзгөн. Мындан улам [Атамбаев] бааларды төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу тапшырмасын берген. Биз бул ишти баштадык, энергокомпаниялар менен макулдаштык», — деп жазган КирТАГ маалымат агенттиги Элебаевдин айткандарын.
Аны менен катар ал тарифтер боюнча акыркы чечимдин жыйынтыктары 2015-жылдын январынын аягында белгилүү болорун кошумчалады.
Ошондой эле Элебаев Кыргызстанда абоненттердин электр энергиясын керектөөнү 700 кВт/сааттан ашырбай, көбүрөөк үнөмдөөгө өткөндүктөрүн айтты.
«Биз көрүп тургандай, декабрь менен январда аба ырайы жылуу болуп турат, мүмкүн ушундан улам адамдар [электр энергиясын] азыраак пайдаланышкандыр», — деп жазган «Тазабек» маалымат агенттиги чиновниктин айткандарын.
Электр энергиясын импортто
Кыргызстандын бийлиги электр энергиясын энергетикалык каатчылыктын күчөгөндүгүнөн улам 2014-жылдын декабрында импорттоп баштаган.
Өкмөт менен Энергетика министрлиги 2014-жылдын сентябрында жылуулук берүү сезону аяктаганга чейин өлкөгө өз электр энергиясы жетпей тургандыгын билдиришкен.
Бийликтин версиясы боюнча, энергетикалык каатчылыктын башкы себептеринин бири катары Токтогул ГЭСи жайгашкан Токтогул суу сактагычындагы суунун жетишсиздиги айтылган — аталган ГЭС дээрлик Кыргызстанды толук электр жарыгы менен камсыз кылат.
Өткөн жылдын ноябрында Кыргызстан 2014-жылдын декабрынан 2015-жылдын мартына чейин 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын жеткирүү боюнча Казакстан менен келишим түзгөн.
Кыргызстан учурда 1 кВт/сааты үчүн Казакстанга 5 сомдон ашык төлөп жатат.