Жыл жаңыргандан бери Орусияда чет элдик эмгек мигранттарына квота системасы жоюлуп, патенттик негизде гана жумушка алуу боюнча мыйзам күчүнө кирди.
Макаланын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан. Автору: Лазат Такырбашова
Мыйзамдын өзгөрүшү менен учурда Орусияда эмгектенген мигранттар ишин улантуу үчүн жаңы үлгүдөгү патент алуусу шарт. 2014-жылы берилген патенттер декабрда төлөнгөн аванстык төлөмүнө жараша ушул жылдын мартына чейин гана жарактуу.
Эски патенттин мөөнөтүнүн бүтүшүнө 10 жумушчу күн калганда мигранттар жаңы патентке документ тапшырууга үлгүрүп калышы керек. Жетишпей калгандарга 5-10 миң рубль өлчөмүндө айыппул салынат.
Мигранттарга карата талап ушул жылдан тарта киргизилген орус тили жана тарыхы боюнча тесттин сертификаты, медициналык камсыздандыруу жана ден соолугу жөнүндө тастыктама алуу талаптары менен катаалдаган. Бул расмий тастыктамалар бир күндө даяр болбойт. Мисалы, орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча сертификат мигрант экзаменди ийгиликтүү тапшыргандан кийин 10 күндөн кийин берилет.
"Айылга барып, койчу болбойм"
Орусияда жаңы мыйзам кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этип жатканын билүү үчүн "Азаттык" Москвада эмгектенген кыргызстандыктар арасында сурамжылоо жүргүздү.
- Эми жаңы мыйзамдар боюнча патентим күйүп кетет. Кайра узартканга мүмкүнчүлүк жок. Айдын аягына чейин чыгып кетишим керек экен. Мага окшогондор миңдеп саналат. Мен дагы жараксыз патенттерге төлөп жүрө беремби?! Бүгүн, мына азыркы учурда да төлөп жаткандар бар. Мындай мыйзам кабыл алынгандан кийин эски патенттерге төлөмдөр кабыл алынбашы керек эле. Эл түшүнбөй, көп суроолор жаралып жатат. Эл көргөндү мен да көрөм деп отурам. Такыр эле болбосо, айдын аягына чейин чыгып кетиш керек. Анткени мен кайра келип иштешим керек.
Зулпидин Кутбидинов тез арада Орусиядан чыгып кетүүнүн жолдорун издеп жүргөн мигранттардын бири. Жаңы мыйзам тууралуу уккан дагы эмес.
- Эгерде биз муну билгенде, Кыргызстанга же Украинага чыгып-келишти план кылмакмын. Азыр менде 24 саат калды. 24 саат ичинде үйгө кетишим керек. Билетти кечээ караганбыз, сегиз жарым миң рубль деп турат. Эми чукул ала турган болсоң кымбат болот. Эгерде мен “кара тизмеге” кирип калсам, үй-бүлөмдү ким бакмак эле? Эч ким бакпайт. Айылга барып, койчу болбойм да.
Жаңы патентке документ чогулта баштаган Бакытбек Жаркынбаев бир күндө Украинага чыгып, жаңы миграциялык карта менен кайтып келген. Ал учурда Орусияга кайта кире албай калган мигранттар бар экендигин айтты.
- Эски патенттин жарактуу мөөнөтүнө жеткирбей 10 күн мурун жаңы патент алгыла деп жатат. Көпчүлүгү азыртадан эле жетишпей калышты. Мен кечээ күнү Украинага чыгып келдим. Жакшы эле өттүм. Эки кыргыз кыз “кара тизмеге” кошулуп калышкан экен. Экөө ошол жакта калышты, аларды өткөрбөй коюшту. Ыйлаган бойдон калышты. Эми самолет менен Кыргызстанга депортация кылабы, билбейм. Азыр документ жыйнай баштадым. 20 күн ичинде бардыгын чогултуп, 10 күн мурун тапшырганга аракет кылып жатам. Москванын ичиндегилерге патент 18 500 рубль, бизге 25 миң деп жатат. Мен Москванын алдындагы шаарчадамын. Патентке төлөө үчүн айлыкты алдын ала сурайлы деп жатабыз.
Мигранттардын үмүтү жана үнү
Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов учурда патент алууга 14-20 миң рублдин тегерегинде чыгым кетээрин айтат. Кыргызстандык мигранттарга жаңы патент алуунун кажети жоктугун белгилейт.
- Айлыгын караш керек. 30 миң рублга чейин айлык алган мигранттарга жаңы патент алып, иштөөнүн кажети жок. Анда эптеп-септеп тамак-ашына жана “резина” батирде жашоого гана мүмкүндүк болот. 35 миң болгондо, айына 100 доллар акча топтой алат. Кыргыздарга быйылкы патентти алуунун кереги жок. Экономикалык жактан эч пайдасыз. Эгерде былтыркы патентти мартка чейин төлөнгөн болсо, анын мөөнөтү бүткүчө жүрсүн, андан кийин майга чейин Кыргызстанга кетип калсын.
Анткен менен Эшимов май айында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен көп миграциялык маселелер чечилет деген ишеничте.
"Патентке байланыштуу ар бир конкреттүү кырдаал боюнча чет элдик жарандар миграциялык кызматтын расмий өкүлдөрүнө түз кайрылышы керек", - дейт Мирбек Токтошев.
- Биздин жердештерибиздин чоң кемчилиги бар: бул жактагы эрежелерди достор, тааныштар жана туугандар аркылуу жаңылыш угуп-билишет. "Тиги таанышым жөн эле жүрбөйбү, ал жүрсө, мен деле мыйзам бузуп жүрүүгө акым бар турбайбы" деп, туура эмес маалымат алып, жаңылышып жүргөн жердештер көп. Айтайын дегеним, миграциялык кызматтын өзүнө барып, консультация алуу керек. Мүмкүнчүлүк болсо, юристтерге кайрылыш керек. Өзүнүн абалына жараша аракеттерди көрүш керек.
Өткөн жылы Москвада эмгек мигранттарына 700 миңден ашуун патент берилип, Орусиянын бюджетине 5 млрд. рубль төлөнгөн. Бул жылы патенттин баасын 4 миңге чейин көтөрүүдөн, өлкө бюджетине 12 млрд. рублге чейин акча түшөөрүн расмий тараптар маалымдаган.
Орусиянын мамлекеттик Статкомитетинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 20-январына карата 544 956 кыргызстандык Орусиянын аймагында каттоодо турат.