Орусиялык блоггер chistoprudov Памир жолу аркылуу Тажикстандан Кыргызстанга болгон сапары маалында жаратылыш менен айыл жеринин укмуштуудай көрүнүштөрүн сүрөткө тарткан.
Түп нускасы chistoprudov блогуна жарыяланган. Сүрөттөрдүн бир бөлүгү менен текст автордуку. Сүрөттөр «12 ай» долбоорунун алкагында жасалган.
Өткөн жылы биздин команда учу-кыйыры жок өлкөбүздүн жана мурунку СССР республикаларынын көптөгөн укмуштуудай жерлерине саякаттай алды. 12 айдын ичинде биздин көздөр оңой эле өздөштүрүп, эске тутуп калууга мүмкүн болбогон укмуштуудай кооздуктардын айкалышын кабыл алышты. Саякаттын кайсыл бир үзүндүлөрү, окуялары, деталдары, көрүнүштөрү колдон сыймаланган суу самындай болуп эстен чыгып кетип жатты.
Анан ошол маалда эсибизге биздин жүздөгөн сүрөттөрүбүз жардамга келет. Бардык репортаждарды, сүрөттөрдү, ойлорду, элестөөлөрдү окурмандар үчүн гана эмес, өзүбүз үчүн да жайгаштырып жатабыз. Унутуп калбаш үчүн. Тынч, бүркөк кечте ысык чай менен үйгө отуруп алып, элестөөлөр менен кайрадан өзүбүз болуп кайткан миңдеген чакырым ажайып жайларга баруу үчүн.
Бүгүн өмүрүмдө өткөн тоо жолдорунун эң коозу тууралуу сүрөт баянды көрүңүздөр. Бул Памир жолу.
Кереметтүү Мургабдагы тезектин ышы сиңген сонун турактан кийин Кыргызстанды көздөй жөнөдүк. Жолдун чоң участогу Кытай менен болгон чек ара аймагы аркылуу өтөт. Кайсыл бир жерлеринде орнотулган мамылар менен тикендүү зымдар жок. Бул жакта отун жетишсиз.
Кара-Көл. Бул Памирдин түндүгүндөгү Алай тоо кыркасынын аймагында жайгашкан бийик тоолу көл. Ал деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте орун алган. Бул Тажикстандын аймагындагы эң чоң табигый көлмө.
Кара-Көлдүн кызыктуу өзгөчөлүгү көлдүн жээктерин кыйла узактыкта муз каптап тургандыгында, муз көлдүн түбүндө да бар. Муздун кайдан пайда болгондугу тууралуу окумуштууларда бирдиктүү пикир жок. Кара-Көл ойдуңу Памирдеги эң ээн жер катары да белгилүү. Мында жаан-чачын өтө аз жаайт, жылына жыйырма миллиметрге жакын.
Аба ырайы жакшы болуп турганда көл жээгинен мурунку Коммунизм, азыркы Исмоил Сомони атындагы чокуну (7495 метр) көрүүгө болот, бул Тажикстандын бийик чокусу, учурунда Советтер Союзунун эң бийик чекити болуп эсептелген.
Кара-Көлдүн бети аталышы айтып тургандай кара эмес, а күндүн тийишине жараша ультракөгүш, көк, жашылыраак болуп өзгөрүп турат.
Көлдүн унаа жолуна жакын болгон чыгыш жээгинде Кара-Көл кыштагы жайгашкан, анда негизинен кыргыздар жашашат.
Памирдин бийик тоолуу чөлүнүн кадыресе пейзажы. Бийиктиги 4000 метр.
Көлдөн кийин биз тажик жеринде акыркы тыныгуу жасадык. Кечки тамакты тоё жеп, чай ичкен соң Кыргызстан менен болгон чек арадан өтүүгө даярдандык.
Чек арадан өтө тез жана жеңил өттүк. Өлкөгө кирип жаткандагыдай эмес. Чек арадан өткөндүгүбүз жана кыйынчылыктар тууралуу жыйынтыктоочу баяныбызда айтып беребиз.
Тоодон түн ичинде түшүп, көпкө издеп жүрүп жолубузда жолуктурган алгачкы кыргыз айылы — Сары-Таштан жайлуу турак таптык. Биз караңгыда баргандыктан айылдын турмушу менен эртеси таң атканда тааныштык.
Тамактанып, күч топтоп алган соң дизель майын издеп жөнөдүк. Издөөбүздөн майнап чыкпай, Сары-Ташта дизель жок экени аныкталды. Канистрдегы майды толугу менен коротуп койгонбуз, ошондуктан бир аз чочулай баштадык. Жакынкы май куюучу жайга чейин 50 чакырымдык серпантин жана тик ашуу бар эле.
Ашууга жакындап калганда Каптива калган май менен дагы нөл чакырым жүрө ала тургандыгын көрсөтүп жатты. Бирок автоунаабыз ашууга кирип барды да андан ары акырындык менен төмөн жылып жөнөдүк.
Мында түн ичинде жааган кар күн шооласынан бууланып, тоолор кайнап жаткандай элес калтырат.
Кытайлыктар Сары-Таштан Ошко чейин идеалдуу асфальт төшөшүптүр. Тегиз эмес тажик жолунан кийин биз өзүбүздү учуп бара жаткандай сезип калдык.
Кайсыл бир убакытта биз Каптивада күйүүчү майдын жок калганына карабастан кооз жерлердин бардыгына токтоп баштадык. Андай жерлерден унаа менен тез эле өтүп кетүү кыйла эле аянычтуу болмок.
Укмуштуудай кооз пейзаждар жана идеалдуу асфальт. Бул Европа дагы, АКШ дагы эмес, бул — Кыргызстан.
Топозчу.
Каптива жан-алакетке түшүп бара жатты, насыяга )
Укмуштуудай иш болуп биз май куюу жайына чейин жете алдык! Каптиванын багын толтура шектүү кыргыз дизелин куйдук )
Акырындап кар баскан тоо бети артта калып, анын ордун жантайма альпы шалбаалары ээлешти. Биз Ошко түшүп бара жаттык.
Көңүл бургандыгыңыздар үчүн рахмат )
Сүрөттөрдүн автору Дмитрий Чистопрудов менен Николай Рыков.