Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин мурунку күйөө баласы Рахат Алиевдин жансыз денеси Венадагы абакта табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал өз жанын өзү кыйган, деп билдирүүдө «Рейтер» агенттиги.

Казакстандын бийлиги тарабынан издөөдө жүргөн Рахат Алиевдин жансыз денеси 24-февралда Австриядагы абакта табылды. «Рейтер» эл аралык агенттиги соттун басма сөз катчысына шилтеме жасоо менен ал болжолдуу түрдө өз жанын өзү кыйгандыгын жазды.

Назарбаевдин мурунку күйөө баласы Венадагы түрмөдө 2014-жылдын июнунан бери камакта болчу.

Алиевдин каза болгондугу тууралуу билдирүү пайда болгондон бир күн мурун анын «Фэйсбуктагы» аныкталбаган баракчасында 2015-жылдын башында каза болгон атасы Мухтар Алиевдин көз жумгандыгына капалангандыгы жөнүндө билдирүү жазылган.

«Сенин каза болгондугуң тууралуу кабар мен үчүн күтүүсүз болду. Бул жакка, Венадагы тергөө абагына, жаңылыктар кечигип келет. Керектүү сөз тандап айтуу оор болууда, анткени экөөбүздүн ортобузда айтыла элек көп нерсе бар болчу да», — деп жазылган анда.

Казакстандын Австриядагы мурунку элчиси жана Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурунку орун басары Алиев президент Назарбаев менен урушуп кеткен 2007-жылдан бери Казакстандын бийлигинин каарына калган.

Казакстанда ал мамлекеттик төңкөрүшкө даярдык көргөндүгү жана адам уурдоо үчүн 40 жылга сыртынан кесилген. Алиев казакстандык «Нурбанктын» топ-менеджерлери Жолдас Темиралиев менен Айбар Хасеновду уурдап, өлтүргөн деп шектелип келген.

Дипломатиялык кол тийбестигинен ажырап, өз өлкөсүнүн бийлиги тарабынан айыпталган маалда ал Казакстандын Австриядагы элчиси болуп турган.

Өз билдирүүлөрүндө Алиев дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, анын өлкөнүн президенттигине ат салышуу ниетинен улам ага саясий жүйө менен кылмыш иши козголгондугун айткан.

Австрия Казакстандын сот системасына ишенбей тургандыгын билдирип, Алиевди өткөрүп берүүдөн эки жолу баш тарткан. Назарбаевдин мурунку күйөө баласын 2014-жылдын июнунда Венада камакка алышкан.

Сүрөт: «Азаттык» радиосу.