Бишкектик активисттер 28-февралга караган түнү Москвада өлтүрүлгөн орусиялык оппозиционер Борис Немцовду эскеришип, аза күтүү акциясын өткөрүштү.
Акция 2-мартта, Немцов Москвада өлтүрүлгөндөн үч күн өткөн соң Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдында өттү. Иш-чаранын катышуучулары оппозиционерди эскеришип, дипломатиялык өкүлчүлүктүн тосмосуна гүл коюшту.
Немцов оппозициянын масштабдуу жүрүшүнө бир күн калганда, 28-февралга караган түнү Москванын борборунда өлтүрүлгөн. Тергөө анын өлтүрүлүшүнүн бир нече себептерин айтып жатат, алардын арасында «өлкөдөгү саясий абалы туруксуздаштыруу үчүн жасалган чагымчылдык» версиясы бар. Немцовдун тарапташтары анын өлтүрүлүшү «саясий мүнөзгө ээ» деп эсептеп жатышат.
Оппозиционерди эскерип, аза күтүү үчүн акцияга 30га жакын киши келди. Акциянын катышуучуларынын арасында бийликти сындап келгендиктери менен белгилүү парламент депутаттары Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов болушту.
Алардын пикиринде, Немцов «саясий режимдин» курмандыгы болду.
«Оппозициялык саясатчылар катары биз саясий режимди гана айыптай алабыз. Саясий режим бүгүн оппозиция өкүлүн же бийлик менен макул эмес, башкача ой жүгүрткөндөрдү оңой эле өлтүрүп коюуга мүмкүн болгондой чөйрөнү түзүп жатат», — деди Жээнбеков Kloop.kgге берген маегинде.
Орусиянын элчилиги менен милиция акциянын өтүшүнө эч кандай тоскоолдук кылышкан жок
Немцовдун өлтүрүлүшү
Орусиялык оппозиционерди Москванын борборунда 28-февралга караган түнү атып кетишкен. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ага карата алты жолу атышкан, төрт ок анын далысына тийген. Алган жараатынан улам ал ошол жерде көз жумган.
Немцов оппозициянын 1-мартка белгиленген Москвадагы жүрүшүнө бир күн калганда өлтүрүлгөн. Анын уюштуруучуларынын бири Немцов болгон. Саясатчы өлтүрүлгөндөн үч саат өткөндөн кийин жүрүш болбой калгандыгы белгилүү болду, анын ордуна оппозиция Орусиянын борборунда аза күтүү акциясын өткөрүү чечимине келген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Немцовдун өлтүрүлүшүн «чагымчылдык» жана «буйрутма өлтүрүү» деп атады. Кийинчерээк өлкө башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков «чагымчылдык» Немцовдун бийликтин ачык каршылашы болгондугунда экенин түшүндүрдү.
Оппозиционердин тарапташтары Немцовдун өлтүрүлүшү саясий мүнөзгө ээ деп эсептеп жатышат. Алардын маалыматтары боюнчаНемцов Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууларга орусиялык аскерлердин катышуу ыктымалдыктарын иликтеп жүргөн.
Тергөө кылмыштын бир нече версиясын караштырып жатат: өлкөдөгү саясий абалды туруксуздаштыруу үчүн жасалган чагымчылдык, ислам экстремисттеринин кол салуусу, Немцовдун коммерциялык ишмердүүлүгү, жеке кастык же Украинадагы кагылышууларга байланыштуу.
90-жылдары Нижегородск облусунун губернатору жана вице-премьер-министр кызматтарын ээлеген Немцов оппозициялык «Солидарность» кыймылынын лидерлеринин бири жана «РПР-Парнас» партиясынын теңтөрагасы болуп эсептелген.
2000-жылдардын башынан бери ал президент Владимир Путинди сынга алып келгендердин эң белгилүүлөрүнүн бири болгон.
Өлүмүнө үч күн калганда ал «Собеседник» журналына берген маегинде өмүрүнө кол салуу ыктымалдыгынан коркуп жатканын билдирген.
Немцовдун жардамчысы Михаил Конюхов акыркы кездерде саясатчынын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтылып келгендигин ырастады.
«Акыркы кездерде ал медицина тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенип келген, тагыраак айтсам — онкология тармагындагы. Мен бир ай мурун гана анын жардамчысы болгом, ошондуктан тигиндей же мындай деп айта албайм, бирок анын дарегине өлтүрүү тууралуу коркутуулар болуп келген», – деп жазган «Медиазона» анын айткандарын.
Тексттик хроника:
12:24 «Сен коркунуч жаратканга чейин сени өлтүрүшпөйт. Коркунуч жаратаарың менен өтүрүшөт. Президенттин бийлиги үчүн коркунуч. Бизде башка бийлик жок. Биз аларды сындайбыз. Бирок бийликтегилер ал сындарды негиздүү деп эсептешпейт», — деди депутат Өмүрбек Абдрахманов.
12:20 Акциянын катышуучулары Немцовду эскеришип, Орусиянын элчилигинин тосмосуна гүлдөрдү коюп жатышат.
12:15 «Оппозициялык саясатчылар катары биз саясий режимди гана айыптай алабыз. Саясий режим бүгүн оппозиция өкүлүн же бийлик менен макул эмес, башкача ой жүгүрткөндөрдү оңой эле өлтүрүп коюуга мүмкүн болгондой чөйрөнү түзүп жатат», — деди Жээнбеков.
12:10 Орусиянын элчилигинин алдындагы акцияга 30га жакын киши келди, алардын арасында парламенттин оппозициялык депутаттары Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахманов бар.
11:55 Немцовду эскерип, аза күтүү акциясы Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына 12:00гө белгиленген.
Автор: Владимир Цай
Оператор: Темирлан Акимтеги
Сүрөтчү: Анастасия Стрельникова