Билим берүү министрлигинин маалыматында, 2012-2013- окуу жылында Кыргызстандын баардык жогорку окуу жайлары болондук окутууга өтүү менен коррупциянын деңгээлин азайтууга жардам берет. Бул пикирди Оштогу окуу жайлардын жетекчилери да колдоду.
Билим берүү министрлигинин басма сөз-катчысы Керээз Жукееванын «Клоопко» берген интервьюсунда, бакалавриат жана магистратура программасы боюнча эки баскычтуу билим берүү Болондук системасына өтүү — бул коррупциянын алдын алуунун дагы бир жакшы жолу.
«Студент бул жерде окутуучуну тандоо укугуна ээ болот. Ошондой эле студенттер кредиттик технология (студенттердин өз алдынча иштөөсү) менен окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, андан сырткары болондук система окутуучулардын мобилдүүлүгүн арттырат»,—деп түшүндүрдү катчы.
Эки баскычтуу билим берүү Болондук системасы бакалавриат жана магистратура программаларынан турат. Биринчиси төрт жылга созулуп, бакалавриаттан кийин, магистратура улантылат. Эки этап окутулуп бүткөн соң, студент толук кандуу жогорку билимге ээ болот.
Ошондой эле Болондук системанын артыкчылыгы, эгерде мугалим студенттерди жакшы окутуп же болбосо студент каалагандай сабак өтө албаса, анда студенттер башка мугалим тандоого укугу бар. Ошону менен бирге окутуучу жумушсуз калуусу мүмкүн,—деп кошумчалады катчы.
Жукееванын сөзүн Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков колдоду.
«Биринчиден бүгүн биз айтып жаткан коррупциянын алдын алууга жардам берет. Ар бир студенттин билим алууга болгон жоопкерчилигин арттырат»,— деп билдирди Исаков.
Ал эми Ош технологиялык университетинин ректору Абдыкадыр Абидов жаңы окутуу системасы коррупцияга бөгөт болуусуна ишенбейт.
"Мен айта албайм коррупцияга толук бөгөт болот деп. Бирок болондук системада негизги басым студенттердин өз алдынча иштөөсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет",—деп айтты Абидов.
"Диплом чет өлкөлөргө өтүмдүү"
Ош мамлекеттик социалдык университетинин проректору Топчубай Исаковдун айтуусунда, эки баскычтуу билим берүү системасындагы бүтүрүчүлөрдүн диплому чет мамлекетте "өтүмдүү" болот.
"Баардык жерде биздин дипломду таанышат. Анан чет мамлекеттен бизге келип окуйм десе да, айырмачылыктар болбойт. Бизге которулуп окууга келишет, бизден да чет мамлекеттерге которулуп окууга мүмкүнчүлүк болот",—деп эсептейт проректор.
Ошондой эле Исаков, Болондук системага өтүү үчүн интернет, компьютердик технологиялар жогорку деңгээлде өнүгүүсү керек,—деп кошумчалады.
"Болондук деген аты эле бар"
Мындай окутуу жолу 2005- жылы ОшМунун Бизнес жана менеджмент (БИМ) факультетине киргизилген. Декандын орун басары Эрлан Камаловдун билдирүүсүндө, Болондук система студенттердин арасында мугалимдерди "эркин тандоого жол ачып берген".
"Бул системага кирүү менен бирдиктүү билим берүү мейкиндигине чыга алабыз. Биз келечекти карай билим берүү программаларынын интеграциясына умтулушубуз керек",—деп айтты Камалов.
Бирок ушул эле факультеттин агайы Нурлан Мурзакуловдун оюнда, окуу процессинин механизмдери ишке ашырылса гана коррупцияга бөгөт боло алат.
"Эгерде ошол механизмдерин көзөмөлдөбөсө ал жардам бере албайт",— деген оюн билдирди агай.
Ал эми БИМдин бүтүрүүчүсү Расул Осмоновдун айтымында, Болондук система киргизгени менен бул окутуу жолу өз талаптарына жооп берген жок.
"Бизге толук Болондук система кире элек деп ойлом. Аты эле бар. Азыркы учурда эски система боюнча окутулуп келет",—деди Осмонов.
Студент Искендер Маматкуловдун оюнда, Болондук системанын эң негизги артыкчылыгы, бул окуу процессинде сабактар туралуу жыйынтыктын чыгаруусунун көбүрөөк болгондугунда. Ал жыйынтыктар сессия учурунда экзамендерге, зачетторго кошумча балл берет.
Көпчүлүк Оштогу ЖОЖдордун студенттери эки баскычтуу мындай окутуу жолу жөнүндө эч кандай маалыматтары жок экендигин билдиришти.