Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат эшек фермасынын ээлерине карата мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Буга чейин ишкерлер эшектин этин тамактануу жайларына сатып келишкен деп айыпталышкан.

Кылмыш иши 3-мартта, эшек этин Гонконг зоопаркына сатуу менен алектене тургандыктары жөнүндө билдиришкен «Кайтал» компаниясынын жетекчилигине карата козголду.

«Учурда эттин үлгүлөрүнө соттук-химиялык экспертиза белгиленди, иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Тергөө жүрүүдө», — деп билдиришти Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан.

Буга чейин ферманын ээлери Бишкектеги тамактануу жайларына эшек этин сатууга шектелип жатышкан — биринчилерден болуп ага кыргыз тилдүү гезиттердин бири көңүл буруп, андан соң Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) журналисттери эшектер союлган жерге барып сюжет даярдашкан.

Жооп катары цехке ээлик кылган «Кайтал» акционердин коомунун башчысы Алмаз Такырбашев маалымат жыйынын өткөрүп, эшектин эттери Кыргызстандын сыртына, Гонконгдун зоопаркына жеткириле тургандыгын айткан.

«Биздин колубузда тоңдурулган түрдө этти Гонконгго жеткирүү боюнча келишим бар. Аны жырткычтарга берүү үчүн зоопаркка алышат», — деген ал.

Такырбашев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) эфиринде көрсөтүлгөн сюжетти «көз көрүнөө калп жана ушак» деп атаган. Ал сюжетте автору Эльнура Молдокадырова эшектин эти коомдук тамактануу жайларына жеткирилип тургандыгын айткан болчу.

«Биздин маалыматтар боюнча, эшектин эттери койдун же уйдун эти катары сатылган. Аларды тонналап борбордогу белгилүү фаст-фуддарга, чайхана жана кытай кафелерине сатышат, а алара болсо андан самса, гамбургер жана башка тамактарды жасашат», — деп айткан ал сюжетте.

Буга чейин Молдокадырова компанияда уруксат берүүчү документтердин жок экендигин айткан. Өз кезегинде «Кайталдын» жетекчилиги Kloop.kgнин кабарчыларына эшектин эттери сакталган муздаткыч камераларды көрсөттү.