Тажик оппозициясынын лидерлеринин бири Умарали Куватов Стамбулдун борборунда атылып өлтүрүлдү. Ал Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду сындап келгендиги менен белгилүү.

Түркиялык Haberler телеканалы Куватовду 6-мартка караган түнү Стамбулдун борборунда сейилдеп жүргөн кезинде башына бир жолу атып өлтүргөндүктөрүн билдирди. Кол салуу Стамбулдун Аксарай районунда Бишкек убакытысы боюнча саат 03:30да болгон.

«Куватов келген мейман менен үйүндө кечки тамак ичип, бир канча убакыттан кийин эшикке чыккан. Көчөдөн белгисиз адам ага карата ок чыгарып, кылмыш болгон жерден тез эле качып кеткен», — деп билдирди Haberler.

Sabah гезити кылмышка күбө болгон адамдарга шилтеме жасап, ок атууга чейин кол салган адам тажик тилинде бир нерсе деп айткандыгын жазды.

«Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, кара кийинген адам бир нерсе деп тажикче айткандан кийин ок чыгарган. Полиция кылмышкерди колго түшүрүү боюнча иш-чараларды баштады», — деп жазды Sabah.

Куватовдун москвалык жактоочусу Николай Николаев тажик оппозиционеринин өлүмүн «буйрутма адам өлтүрүү» деп атап, аны февралдын аягында Москванын борборунда өлтүрүлгөн орусиялык саясатчы Борис Немцовдун өлүмү менен салыштырды.

«КМШ мейкиндигиндеги режимдер удаа-удаа оппозиция лидерлеринен кутулуп жатышат. Бир ыкма менен — жалданма киши өлтүрүүчүлөрдүн жардам аркылуу. Немцов, Куватов», — деп жазган ал өзүнүн твиттер-эккаунтуна.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Куватовдун өлүмүнө карата эч кандай реакция жасай элек.

Оппозиционер Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасын шайлоодон төрт күн өткөн соң өлтүрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүк орунду — 16 — президенттик Элдик-демократиялык партия ээлеген.

Куватов Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жүргүзгөн саясатын сындап келген «Группа-24» оппозициялык кыймылын жетектеген.

2014-жылдын октябрында анын кыймылы катышуучуларды социалдык түйүндөр аркылуу чогултуп, Дүйшөмбүнүн борборунда митинг өткөрүүнү пландаган. Бирок бийлик бир нече күнгө интернет-ресурстарга кирүү мүмкүнчүлүгүн жаап, жыйынтыгында демонстрация болбой калган.

Видео: Митингдерди кууп таратуу боюнча Дүйшөнбүнүн борборундагы машыгуулар

«Группа-24түн» өзү 2014-жылдын сентябрында экстремисттик уюм деп табылган.

Умарали Куватов алдамчылык, барымтага алуу жана бирөөнүн мүлкүн тартып алууга айыпталгандан кийин 2012-жылдан бери аргасыз эмиграцияда жүргөн. Куватовдун өзү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып, аларды саясий куугунтук деп эсептеп келген.

Алгач оппозиционер Москвада жашырынып жүргөн, бирок расмий Дүйшөмбү орус бийлигинен Куватовду өткөрүп берүүнү талап кылган соң Бириккен Араб Эмираттарына качып кетүүгө туура келген.

2013-жылы Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги аны Тажикстандын өтүнүчү менен кармаган — ал 10 ай камакта болуп, андан соң Стамбулга кеткен. Түрк бийлиги аны 2014-жылдын декабрында кармап, бирок бир аптандан кийин кайра кое берген.

Умарали Куватов — акыркы эки аптанын ичинде каза болгон КМШ өлкөлөрүнөн чыккан үчүнчү оппозициялык саясатчысы. Буга чейин, 24-февралда казакстандык оппозиционер Рахат Алиевдин жансыз денеси австриялык абакта табылган, а 28-февралга караган түнү Москванын борборунда орус оппозиционери Борис Немцовду атып кетишкен.