Орусиянын президенти Владимир Путин эл алдында өткөн иш-чараларга катышпай калды жана Астанага болгон сапарын токтотту. Анда ал Казакстан менен Беларустун президенттери менен жолугушуусу керек болчу.  Мындан улам коомчулукта анын ооруп калгандыгы жөнүндө көптөгөн ушактар пайда болду. Ал 6-марттан бери эл алдына чыга элек.

Орусиянын башчысынын ооруп жаткандыгы жөнүндөгү ушактар ал Казакстанга болгон сапарын токтотуп койгондон кийин пайда болду. Эл аралык «Рейтер» агенттиги өз булактарына шилтеме жасоо менен Путин Казакстанга оорусунан улам бара албай калгандыгын жазган.

«Иш сапары токтотулду, кыязы Путин ооруп калган окшойт», — деген маалымат булак «Рейтерге» берген маегинде.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин абалы «өтө жакшы» экенин айтып ишендирүүдө.

«РосБизнесКонсалтинг» (РБК) басылмасы Орусиянын президентинин жоголуп кеткендиги тууралуу кеңейтилген материалында ал эл алдына 6-марттан бери чыга электигин жазган.

Акыркы жолу ал маалымат каражаттарынын алдына 5-мартта, Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен болгон жолугушуусу маалында чыккан.

РБКнын маалыматы боюнча, андан кийин Путин аны чиновниктер гана көрүшү мүмкүн болгон кичи жолугушууларды гана өткөргөн.

8-мартта Кремлдин сайты Путин майрамга карата аялдар менен жолуккандыгын билдирген. Бирок РБК ал жолугушуу алдын ала, 5-мартта эле тартылгандыгын жазууда.

Президенттин басма сөз кызматы Путин 10-11-марттарда губернаторлор менен жабык эшик артында эки жолугушуу өткөргөндүгүн билдирген. Бирок РБКнын булактары губернаторлордун бири Кремлге барбагандыгын, а экинчиси менен болгон жолугушуусу бир апта мурун болгондугун айткан.

РБК Путиндин Казакстан менен Беларустун президенттери менен пландалган жолугушуусу болбой калбай эле кийинкиге жылдырылгандыгын жана алар март айында боло тургандыгын кошумчалаган.

«Эми Путиндин качан эл алдында пайда боло тургандыгы белгисиз. 12-мартка өлкө башчысынын ФСБнын (Федералдык коопсуздук кызматы) коллегиясына катышуусу пландалган, бирок президент ал жакка барбайт болуш керек, деп билдирүүдө Кремлге жакын маектешүүчү жана федералдык чиновник. 17-мартта президенттин Улуу Ата Мекендик согуштун борбордун музейиндеги «Жеңиш» уюштуруу комитетинин жыйынына катышуусу пландалууда, азырынча өлкө башчысынын ал жакта боло тургандыгы күтүлүүдө», — деп жазган РБК өзүнүн бийликтеги булактарына шилтеме жасап.

«Өлгөндүгү тууралуу тамашалар»

Путиндин жаңылыктарга чыкпай калышы көптөгөн ушактарды жаратты, алардын ичинде анын өлүмү тууралуу айтылган ушактар дагы бар.

Сатиралык @FAKE_MIDRF твиттер-экаунту Чеченстандын башчысы орден алуу үчүн Кремлге келип кеткенден бери Орусиянын президентин эч ким көрбөгөндүгүн жазып тамашалады:

Путинди сындап келгендер анын өлүмү жана эгер маалымат чынында эле ырасталып калса анын ыктымалдуу кесепеттери тууралуу тамашалашты. Lenta.ru басылмасынын «Экономика» бөлүмүнүн мурунку редактору Сергей Козловский мындай деп жазган:

Бирок кийин төмөндөгүдөй деп кошумчалаган:

Орусиялык журналист Антон Коробков президентти коргоодо:

Путиндин «оорулары»

Орусиянын президентинин саламаттыгы маалымат каражаттарында биринчи жолу талкууланбай эле — 2012-жылдын октябрында «Рейтер» эл аралык маалымат агенттиги Кремлдеги өз булактарына шилтеме жасап Владимир Путиндин арка сөөктөрү ооруп жатканын жана ага операция жасала тургандыгын билдирген.

Анда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков хирургдардын кийлигишүүсүнүн зарылдыгы тууралуу маалыматты четке кагып, бирок орус президенти «машыгуулардын жүрүшүндө булчуң этин оорутуп алгандыгын кошумчалаган.

РБК агенттиги 2012-жылдын ноябрынын аягында беларус президенти Александр Лукашенконун Путиндин саламаттыгындагы көйгөйлөр тууралуу айткандыгын эске салган.

«Мен анын көйгөйлөрүн билем. Ал дзюдону жакшы көрөт. Бир баланы көтөрүп чаап, булчуң этин кокустатып алган», — деп билдирген ал «Рейтер» агенттигине берген маегинде.

2012-жылдын декабрынын аягында Путин анын ден соолугу тууралуу ушактарды таратуу «бирде бийликтин легитимдүүлүгүнөн, бирде анын ишке жөндөмдүүлүгүнөн» күмөн санаган анын «каршылаштарына пайдалуу» экенин билдирген.