Нооруз жазгы майрамы Бишкектин борбордук аянтында эртең мененки саат 11де майрамдалып башталды.
Өлкө борборунда Нооруздун урматына майрамдык түрдүү иш-чаралар, оюндар, көргөзмөлөр, чекене соода жүргүзүүлөр уюштурулуп, аянтка келгендер сүмөлөктөн даам татышты.
Жазгы майрамды белгилөө үчүн жүздөгөн бишкектиктер борбордук Ала-Тоо аянтына чогулушту.
Ноорузга карата уюштурулган майрамдык концерт саат 11де башталды — анда сахнага кыргыз эстрадасынын жылдыздары, бийчилер жана балдар чыгармачыл топтору чыгышты.
Нооруз салттуу түрдө 21-мартта, күн-түн теңелген күнү белгиленет.
Майрам Иран, Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Түркияда жана Кавказда — негизинен түрк жана перс тилдүү улуттар жашаган аймактардын басымдуу бөлүгүндө кеңири белгиленет.
Нооруз Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүндө расмий түрдө белгиленбейт, а алардын кээ бирлеринде — мисалы, Сирия сыяктууларында — майрамдоого тыюу салынган.
Бишкекте Нооруздун майрамдалышы тууралуу радиорепортаж (орус тилинде):
Нооруздун тарыхы тууралуу радиорепортаж (орус тилинде):
Видео: Владимир Цай
Сүрөт: Роза Ланахунова, Анастасия Стрельникова, Эльдор Далиев, Аида Калил
Аудио: Айзирек Алмазбекова менен Дарина Манасбекова