Немис споттерлери «Никлас» катуу шамалы маалында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин учагы Берлинге конуп жаткандыгын тартып алышкан. Өлкө башчысы ал жакта 1-апрелде расмий иш-сапары менен болгон.

Атамбаев 22-марттан 1-апрелге чейин созулган Европа өлкөлөрүнө болгон сапарынын жүрүшүндө бир өлкөдөн экинчи өлкөгө президенттик Ту-154М учагы менен учкан. Өлкө башчысынын акыркы сапары Германияга болгон.

Споттерлер Европада марттын аягынан бери уланып жаткан «Никлас» деген аталыштагы катуу шамал маалында кыргыз лидеринин учагы Берлинге кантип конгондугун видеого тартып алышкан. «Немис толкуну» жаңылыктар порталынын маалыматы боюнча, бороон маалында шамалдын ылдамдыгы 120 км/саатка чейин жеткен.

Катуу шамалдын кесепеттеринен улам  31-мартта федералдык Түндүк – Рейн Вестфалия аймагында шаар сыртындагы поезддердин кыймылытоктотулган.

Споттинг — бул учактарга байкоо салып, алардын учуп-конуу тизмесин жүргүзө турган хоббинин бир түрү.