4-апрелде студенттер менен экологиялык уюмдардын кызматкерлери «ТазаБиш» («Таза Бишкек») аталышындагы акция өткөрүштү — анын алкагында Бишкектин четиндеги Жаштар сейил багында ишембилик өттү. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, акцияга 350-400 киши катышты.
Ишембиликке Бишкектеги алты жогорку окуу жайдын студенттери катышышты — Бишкек гуманитардык университети, Кыргызстандын Эл аралык университети, Кыргыз техникалык университети, Кыргыз Улуттук агрардык университет жана И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университет.
Тазалоо иштери Жаштар сейил багында — борбордун Жаш Гвардия гүлбагы менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде өттү.
Уюштуруучулардын каалоосу боюнча, ишембиликте чогултулган таштандылар өз-өзүнчө топтолгон:
- органикалык жер семирткичтерди иштеп чыгаруу үчүн жалбырактар «Зеленстрой» муниципалдык ишканасына берилди;
- полиэтилен жана пластик калдыктарды кайра иштетүү үчүн «Агропромхолдинг» компаниясы алып кетти;
- калган калдыктарды «Тазалыктын» кызматкерлери чыгарып кетишти.
Уюштуруучулар акцияга 350-400 киши катышкандыгын билдиришти.
Авторлор: Анастасия Стрельникова менен Элдор Далиев.