Депутаттар өкмөттүн «Кумтөр» боюнча жаңы макулдашууну даярдоо ишин «канааттандыраарлык эмес» деп тапты — өкмөт канадалык «Центерра Голд» компаниясы менен үлүштөрү бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашууга жетишиши керек болчу. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен министрлер кабинетинин мүчөлөрү «Кумтөр» ишканасынын негизинде биргелешкен ишкана түзүүгө каршы экендиктерин билдиришти. Өкмөт канадалык «Центерра Голд» компаниясынын акционерлеринин катарынан чыкпоо жана директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүгө жетишүүгө аракет кылуу сунуштарын айтты.
Парламент жыйынында сөз сүйлөгөн депутаттардын көбү өкмөттүн эки жылдан бери биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап келип, эми ал варианттан баш тартып, Кыргызстан 33 пайыз акциясына ээлик кылган «Центерра Голддогу» үлүштөрдү калтырууну сунуштап жатышына нааразычылыктарын билдиришти.
«Биз бир жарым жылдан бери күтүп келе жатабыз, жыйынытыгында баары бир эч нерсе кабыл алган жокпуз. Эмнеге биз кайрадан жаңы чечим кабыл алышыбыз керек? Өткөн чыгымдар үчүн ким жоопкерчиликти алат?» — деп суроо салды «ата-журтчу» Дастан Жумабеков.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Центерранын» акционерлеринин катарынан чыкпоо жана директорлор кеңешинин курамын өзгөртүүгө жетишүү сунуштарын айтты.
Оторбаев компаниянын директорлор кеңешине өз талапкерлерин сунуштоого акыркы күн 8-апрель болгонун билдирди. Айтымында, алардын талапкерлиги «Центерранын» учурдагы директорлор кеңешинин 8-майдагы кезексиз жыйынында каралышы керек болчу. Бирок Кыргызстан талапкерлерин Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку башчысы Дүйшөн Ирсалиев үчүн сунуштай албай калган.
«Поезд өтүп кетти, бирок биз баары бир директорлор кеңешинин курамынын алмашышына жетишүүгө аракет кылабыз», — деп кошумчалады Оторбаев.
«Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов 20-мартка чейин биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр казуу иштеринин 2012-жылдын аягында жарыяланган планы боюнча жүрүп келгендигин билдирди. 2015-жылдын мартынын аягында «Центерра» казуу иштеринин жаңы планын жарыялаган. Ага ылайык, «Кумтөрдөгү» алтын запастары 22,1 пайызга азайган.
Казуу иштеринин жаңы планы боюнча алтын казууга божомолдор кыскарган — эгер 2012-жылдагы документте кийинки 11 жылда «Центерранын» 6,4 миң унций алтын казуусу божомолдонгон болсо, жаңы планында — 4,8 миң гана унций көрсөтүлгөн.
Натыйжасында «Центерранын» кирешеси дээрлик эки эсеге — 2,9 миллиард доллардан 1,5 миллиард долларга чейин кыскарган.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев казуу иштеринин планын өзгөрүшүнөн улам Кыргызстан 700 миллион доллар үлүштүк киреше албай кала тургандыгын билдирди.
«Кумтөрдөгү» казуу иштеринин жаңы планынын анализин окуу
Азырынча «Ата Мекен» «Кумтөрдү» улутташтыруу идеясынан баш тарта элек — бул сунуш фракция лидери Өмүрбек Текебаев тарабынан айтылууда.
Оторбаев улутташтырууга кескин каршылыгын билдирип, эгер депутаттар улутташтыруу процессин баштаса отставкага кете тургандыгын айтты.
Улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам
Кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтын» «Кумтөрдүн» түзүмүн өзгөртүү боюнча жаңы макулдашуунун долбоорун 2015-жылдын 1-апрелине чейин даярдап бүтүшү керек болчу — ага ылайык, канадалык «Центерра» менен тараптардын үлүштөрү бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүү сунушталууда.
Парламент эгер макулдашуу долбоору 1-апрелге чейин даяр болбосо «Кумтөр» ишканасы менен кенди улутташтыра тургандыгын билдирген.
Өкмөттүн биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрү менен катар депутаттар «Кумтөрдү» улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун талкуулап башташкан.
Документке ылайык, «Кумтөрдүн» бардык мүлкүн, анын ичинде компаниянын өндүрүштүк объектилерин да улутташтыруу сунушталууда. Ошондой эле мыйзамда «Кумтөрдүн» 100 пайызына ээлик кылган канадалык «Центерра» компаниясына компенсация төлөп берүү ыктымалдыгы жазылган.
Бирок депутаттар компенсация алтын өндүрүү маалында келтирилген экологиялык зыяндарды эске алуу менен төлөнүшү керектигин жазышкан.
Анда 300 млн. куб метр муздун «жок болгондугу», ошондой эле кендин айланасын калыбына келтирүү үчүн алдыда талап кылынчу чыгымдар белгиленген.
Анда «Кыргызалтындын» башчысы Токон Мамытов улутташтыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунда «карама-каршылыктар бар» экенин билдирген.
Мамытов vb.kg сайтына берген маегинде мыйзам долбоорундагы карама-каршылыктардан сырткары улутташтырууну колдоп жаткандардын эч кимиси ал процесстин «конкреттүү программасын көрсөтпөгөндүгүн» айткан.
«[Программа] илимий жактан негизделген, экономикалык жактан эсептелген, каржы жана юридикалык жактан бекемделген болушу керек. Тактап айтканда, бул кыргыз жана эл аралык мыйзамдарды эске алуу менен мамлекетке цивилдүү улутташтыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган аракеттердин планы», — деп жазган vb.kg Мамытовдун айткандарын.
Сүйлөшүүлөр үч жылдан бери уланып келүүдө. 23-марттан 30-мартка чейинки аралыкта өткөн сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычында экологиялык мүнөздөгү маселелер талкууланышы керек болчу — Кыргызстан кен менен ага жакын жайгашкан райондордун экологиясына келтирилген зыяндар үчүн «Центерранын» компенсация төлөп беришин талап кылууда.
Депутаттардан сырткары ишкананы улутташтыруу идеясын колдогон пикирин президент Алмазбек Атамбаев дагы билдирген. Ал 2014-жылдын ноябрында кыргыз бийлиги «биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибергендигин», анткени канадалык сот башка соттук иштер боюнча Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 55 миллионунан ашыгын камакка алгандыгын айткан.
«Мындай шартта эми биз биргелешкен ишкана да түзө албайбыз, анткени биздин акцияларыбыздын көпчүлүк бөлүгү камакка алынган. Тактап айтканда, тилекке каршы биз Кыргызстан менен «Центерранын» ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө мүмкүн болгон учурду өткөрүп жибердик», — деп билдирген анда Атамбаев.
Жаңы макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөр 2012-жылдын күзүнөн бери уланып келе жатат.