Студенттик «Планета Паприка» долбоорунунун сүрөттөрүнүн көргөзмөсү 15-апрелде Kloop.kgнин редакциясынын кеңсесинде өтөт. Долбоор Кыргызстандын этникалык маданиятынын көп түрдүүлүгүнө арналган.
Датасы: 15-апрель;
Убактысы: 11:00;
Дареги: Огонбаев көчөсү 222, Kloop Media кеңсеси;
Иш-чара тууралуу:
Иш-чара татаал тектүү адамдарга арналган. Көргөзмөдө көрүүчүлөргө 30га жакын аралаш этностогу адамдардын портреттик сүрөттөрү сунушталат.
Көргөзмөнүн максаты Кыргызстанда, анын ичинде Бишкекте жашап жаткан этникалык маданияттардын бардык көп түрдүүлүгүн көрсөтүү. Бактыга жараша, өлкөбүзө андай адамдар өтө көп жана көргөзмөнүн аркасы менен борбордун жашоочулары элибиздин маданий жактан канчалык бай экендигин жана ар бирибиздин айланабызда кандай кызыктуу адамдардын жашап жаткандыктарын билишет.
Сүрөт көргөзмөсүнүн уюштуруучулары Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) ар кайсы курстарындагы студенттер. Куратору БААУнун журналистика кафедрасынын окутуучусу Наргиза Рыскулова.
«Планета Паприка» көргөзмөсү Бишкекте экинчи жолу өткөрүлгөнү жатат. Өткөн жылы ал «Нооруз» майрамына карата БААУнун студенттери тарабынан уюштурулган.