«Учак зыянга учурагандыктан» улам «Пегасус-Азия» авиакомпаниясынын Индиядан Кыргызстанга учушу керек болгон учагы беш күндөн бери уча албай турат. Көпчүлүгүн Кыргызстандын жарандары түзгөн 36 жүргүнчү учууга уруксат берилишин күтүүгө аргасыз.

Учак Нью-Делиден Бишкекке 11-апрелде учуп келиши керек болчу, бирок техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам каттам белгисиз мөөнөткө чейин кармалып турат.

«Пегасус-Азия» авиакомпаниясынын өкүлү Лилия Калыкова Kloop.kgге берген маегинде аба майдандагы тепкич менен болгон тийишүүдөн улам учакта кичинекей оюк пайда болгондугун айтты.

«Биз каттамды 11-апрелде аткарышыбыз керек болчу. Ал жаңы учак. […] Учакка тепкичти алып келишкенде көйгөй пайда болду — Нью-Дели аба майданы аны өтө катуу ылдамдыкта алып келишип, учакта оюк пайда болду», — деди ал.

Калыкова жүргүнчүлөрдүн Бишкекке качан учуп кете ала тургандыктарын тактап айткан жок. Анын айтымында, каттамдын кармалып жатышында күнөө авиакомпанияда эмес, а Нью-Дели аба майданынын тейлөө кызматында.

«Учактын уча албай калгандыгы биздин күнөө эмес. Бул Дели аба майданы тараптан жасалды. Пайда болгон оюктан улам жүргүнчүлөрдү мейманкаларга жөнөттүк. Бирок бул аба майдан тарабынан болгондуктан Индиянын Жарандык авиация агенттиги териштирүү жүргүзүүдө. Биздин учак дагы эле ошол жакта турат, уча албайт», — деди ал.

«Пегасустун» өкүлү көпчүлүгүн кыргызстандыктар түзгөн жүргүнчүлөрдүн үч маал тамактануусу менен мейманканага жайгаштырылгандыктарын айтты. Калыкова «Пегасус» жүргүнчүлөрдү башка авиакомпаниянын учагы менен жөнөтө албастыгын, анткени Нью-Делиден Бишкекке каттамды алардын компаниясы гана аткара тургандыгын кошмчалады.

«Нью-Дели — Бишкек» каттамы башка бир дагы авиакомпанияда жок. Ал үчүн орундарды алуу керек. […] А жүргүнчүлөрдү транзит менен жөнөтүү — бул биздин учакты оңдоп, жөнөтүүгө кеткендей эле убакытты же андан да көп убакытты талап кылчу өтө чоң процесс», — деди Калыкова.

Жүргүнчүлөр компенсация сурап жатышат

Каттамдын жүргүнчүсү Гүлназа Асанбаева Kloop.kgге берген маегинде авиакомпания аларга каттамдын кармалып тургандыгынын себептерин түшүндүрбөгөндүгүн билдирди — айтымында, жүргүнчүлөр учактын зыянга учурагандыгы тууралуу аба майдандын кызматкерлеринен угушкан.

«Бүгүн төртүнчү-бешинчи күн. Бизди жакшы мейманканага жайгаштырышты, тамак-аш бар — анысы жакшы. Бирок биздин бардыгыбыздын жумуштарыбыз бар да. Биз менен бирге Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин өкүлдөрү да учушу керек болчу», — деди ал.

Асанбаева аларга учак 15-апрелде оңдолуп бүтүп, ошол эле күнү Бишкекке учуп кетүү мүмкүнчүлүгү болорун убадалагандыктарын билдирди. Айтымында, жүргүнчүлөр «Пегасус-Азия» компаниясына моралдык жана материалдык чыгымдардын ордун толтуруп бериши боюнча арыз жазышкан.

«Жалпысынан 36 жүргүнчү, алардын ичинде учактын экипажы жана транзит менен уча тургандар бар, көбү Кыргызстандын жарандары. Албетте алардын билеттери күйүп кетти. Эмнеге мындай болгондугу — түшүнүксүз. Азырынча эч ким конкреттүү эч нерсе айта эле», — деди ал.

Кыргызстандын Индиядагы консулу Нурзат Өмүракунова Kloop.kgге берген маегинде жүргүнчүлөр Нью-Делиден 15-апрелде учуп кете алышы мүмкүндүгүн айтты.

«Биз жүргүнчүлөр менен байланышты үзбөй сүйлөшүп жатабыз. Абал көзөмөлүбүздө. Элчиликтин өкүлү ал жакка барды. Алар 15-апрелде учуп кетишет деген үмүттөбүз, учурда ушунун үстүнөн иштеп жатабыз. Индиянын эл аралык аба майданы 36 жүргүнчүгө шаарда жашап турууга шарт түзүп берди», — деди Өмүракунова.

Авторлор: Эльнура Алканова жана Анастасия Стрельникова