Жаңы түзүлгөн коалиция өкүлдөрү Бабановду премьерликке көрсөттү


Жогорку Кеңеште төрт фракциядан куралган  жаңы коалиция түзүлдү. Анын курамына КСДП, "Республика", "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен"  фракциялары кирди. «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жаңы коалиция мүчөлөрү тарабынан  премьер-министрликке, ал эми социал-демократ Асылбек Жээнбеков төрагалык кызматка  көрсөтүлдү.

Башкаруу коалициясынын мүчөлөрү тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу 16-декабрда «Республика» партиясынын лидери көпчүлүктүн добушуна ээ болгон. 21-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынса, Өмүрбек Бабанов  Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалат.

«Ар-Намыс» партиясынан көрсөтүлгөн атажурттук Нариман Түлеев 26 добушка  жана  «Ата-Мекен» партиясынан көрсөтүлгөн Равшан Жээнбеков 5 добушка ээ болгон.

Өмүрбек Бабанов биринчи сөзүндө, депутаттар алдына «туруктуу жана татыктуу жашоо» деген аталыштагы программасын сунуштады. Анын айтымында, серепчилер менен биргеликте иштелип чыккан бул программа үч этаптан турат.

«Биринчи баскыч- 2011-жылдын туруктуулугу, экинчи баскыч- 2012-2014-жылга атаандаштыкты өнүктүрүү, үчүнчү баскыч- экономика тармагын өзүн-өзү каржылоого чейинки деңгээлге көтөрүү»,- деп билдирди Бабанов.

Бабанов бул учурга чейин вице-премьерлик кызмат ордунда иштеп келген.

Төрагалыкка талапкерлер

Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги жалгыз добушка коюлуп, 75 депутат колдоду. Ал атажурттук Ахматбек Келдибековдун ордун толукташы мүмкүн.

Жээнбеков депутаттарга кайрылып жатып,  фракциясы колдогону үчүн 3 күн мурун төрагалык кызматка талапкерлигин коюу боюнча чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

« Алар менден бир нерсе Жогорку Кеңештин аброюн түшүрбөй мыйзам чегинде объективдүү  иштөөнү суранышты »,-деп айтты Жээнбеков.

КСДП, «Республика» жана «Ата-Журт» партияларынан турган мурунку коалиция учурунда, парламентте Асылбек Жээнбеков социал-демократтар партиясынан  вице-спикер болгон.

«Регламенттин негизинде иш алып барып, баардык депутаттарга бирдей мамиле кылууга сөз берем»,-деп айтып өттү Жээнбеков.

Жаңы коалиция

16-декабрь күнү жаңы коалиция түзүлдү. Анын курамына 92 депутат  менен КСДП, «Республика», «Ар-Намыс» жана  «Ата-Мекен» партиялары кирди.

Ал эми «Ата-Журт» партиясы оппозицияга өткөнүн билдирди. Бирок атажуртук тогуз депутат алардын ичинде экс-мэр Нариман Түлеев жана Роман Шин коалициянын курамына кошулушканын жана алар менен өзүнчө бөлөк кызмат келишимине кол коюшканын кабарлады.

Оппозицияда калган «Ата-Журт» партиясынын көпчүлүгү, «бийликти басып алды»,-деп билдирип, ар бир чечимди кабыл алууда  жаңы түзүлгөн коалиция президентке көз каранды экенин Камчыбек Ташиев журналисттер менен болгон жолугушуусунда айтып өттү.

Редактор жана которгон: Айгул Гуламидин кызы
Автор: Эльдияр Арыкбаев