Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыктарын жарыялады. Аларга ылайык, өлкөнүн учурдагы башчысы Нурсултан Назарбаев добуштардын 97 пайыздан ашыгына ээ болгон.
Казакстандык «ТенгриНьюз» жаңылыктар агенттиги Боршайкомго шилтеме жасоо менен Назарбаев шайлоочулардын добуштарынын 97,7 пайызын алгандыгын билдирүүдө. Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыктары 3-майдан кеч эмес жарыяланат.
Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, учурдагы президенттин оппоненттери — Казакстандын Элдик коммунисттик партиясынын төрагасы Тургун Сыздыков менен өз алдынча талапкерлигин койгон Абелгазы Кусаинов — калган 2,3 пайыз добушка ээ болушкан.
«Боршайкомго 14 облус жана Астана менен Алматы шаарларынан протоколдордун келип түшүшүнө жараша маалыматтарды тактап турабыз. Бул үчүн мыйзамда эки күн берилген», — деп жазган «ТенгриНьюз» агенттиги Боршайкомдун башчысы Куандык Турганкуловдун айткандарын.
Казакстандын БШКсынын башчысы шайлоого шайлоочулардын 97 пайызынан ашыгы катышкандыгын кошумчалды — айтымында, шайлоого катышуунун жогорку көрсөткүчү «өлкөнүн өнүгүшү үчүн болгон жарандык позиция менен саясий активдүүлүктү көрсөтүп» турат.
Назарбаев — Казакстандын алгачкы жана алмашкыс президенти — өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келет. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Назарбаев президент катары чектелбеген санда көп жолу шайлана алат.
Москвадагы Карнеги борборунун Борбордук Азия боюнча алдыңкы эксперти Алексей Малашенко «Азаттык» радиосунун казак кызматына берген маегинде Назарбаев «эч кандай өнөктүксүз эле» жеңишке жетмектигин жана «анын президент болгондугунда күтүүсүз эч нерсе жоктугун» билдирген.
Малашенконун пикиринде, Казакстандын саясий системасы президенттик шайлоодон кийин өзгөрөт. Эксперт Назарбаев авторитардык башкаруу режимин жумшартууга барышы мүмкүн деп эсептейт.
«Ал анын ордун басчу адамга бир топ көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Назарбаев сыяктуу күчтүү улуттук лидердин тушундагы катуу авторитаризмдин болуп турушу бул бир кеп. А кийин эмнелерге алып барышы мүмкүндүгү белгисиз болгон учурдагы өзгөрүүлөр башка кеп», — деп билдирген Малашенко.
«Назарбаевдин шайлоолору»
Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо идеясы Казакстан элинин Ассамблеясынын мүчөлөрүнө ушул жылдын февралынын ортосунда келген.
Би-би-синин орус кызматы мөөнөтүнөн мурда президенттин шайлоо өткөрүүнү эки себеп менен түшүндүргөндүктөрүн жазган.
Биринчиси — президент менен парламент депутаттарынын мөөнөттөрүнүн бир жылда аякташы, Казакстандын Конституциясы президенттик жана парламенттик шайлоолорду бир убакта өткөрүүгө тыюу салат. Экинчиси — 2016-жылы экономикалык каатчылык маалында шайлоо процесстерине эмес, а антикризистик программага көбүрөөк көңүл буруу.
Би-би-си Назарбаевдин ордун басчу адам тууралуу кептер улам-улам пайда болуп турарын, бирок «алардын ушак бойдон калып жаткандыгын» жазган.
Жалпысынан Казакстандын биринчи президенти беш жолу президенттикке тандалган. Төрт жолу — шайлоолордун жүрүшүндө, бир жолу — элдик добуш берүүдө.