Популярдуу «А-Студио» музыкалык тобунун алгачкы солисти Батырхан Шукенов 29-апрелге караган түнү инфарктан улам Москвадагы батиринде каза болду, деп билдирди анын продюсери Александр Семин.

Батырхан Шукенов 53 жашта болчу. Музыканттын досу жана продюсери Александр Семин Шукеновдун көз жумгандыгы тууралуу өзүнүн «Инстаграм» социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу билдирди.

«Бүгүн инфаркттан менин досум — «А-Студио» тобунун алгачкы солисти Батырхан Шукенов каза болду. […] Батыр сокпой токтоп калган чоң жүрөктүү, өтө ак көңүл жана такыба адам болгон. Мен эми сени абдан сагынам, Батыр», — деп жазган Сёмин өз эккаунтуна.

Сегодня от инфаркта умер мой друг - первый солист группы А'Студио Батырхан Шукенов. Еще какие-то дни назад мы играли с Батыром в подброски. Он лучше всех меня подбрасывал. И я ждал каждый раз встречи с ним на съемках "один в один". Мы даже фотку наших игр не успели с папой выложить. Она сделана несколько дней назад... Мы выкладываем ее сейчас. По такому трагичному поводу. Наверное, я еще не понимаю, как это, когда человек был, а теперь его нет. И, очевидно, когда я вырасту, все равно не пойму. Видно, понимает один Господь. Батыр был очень добрым и набожным человеком. С большим сердцем, которое остановилось. Я буду очень по тебе скучать, Батыр. По твоей улыбке и нашим полетам. Надеюсь, Бог сильно захотел подружиться с тобой. Поэтому он так посмешно тебя забрал. Мы будем за тебя молиться и петь твои песни. PS Постов на сегодня больше не будет

Фото опубликовано Александр Сёмин (@semensemin) Апр 28 2015 в 3:53 PDT

Окуянын башка чоо-жайы кабарланбай эле.

«Тенгриньюз» маалымат агенттиги аткаруучунун бир тууганы Бауржан Шукеновго шилтеме жасап, акыркы кездерде «А-Студионун» мурунку солисти «ден соолугуна даттанып» жүргөндүгүн жазды. Популярдуу ырчы Алматыда жерге берилет.

«Азыр бул маселе менен (тажия уюштуруу) алектенип жатышат. Бул жакка алып келебиз, азырынча анын кандай болорун билбейбиз. Аз батиринде каза болгон, дагы жакшы анын директору да ошол үйдө жашайт. «Тез жардам» чакырышкан, анан мына […]. Аябай көп күч сарптап койгон окшойт, акыркы кездери бир аз ден соолугуна даттанып жүргон», — деп жазган «Тенгриньюс» Бауржан Шукеновдун айткандарын.

Шукенов Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында 1962-жылы туулган. Анын музыкалык карьерасы 1982-жылы башталган — ал ошол кездеги популярдуу казак ырчысы Роза Рымбаеванын жамаатында саксофончу болгон.

Жети жылдан кийин ал Рымбаевадан кетип, өз алдынча топ түзгөн. Чындыгында ал топ алгач «Алма-Ата Студио» деп аталган. А 1989-жылы алар «Джулия» деген аталыштагы алгачкы хит ырын чыгарышып, ал СССРдин бардык аймактарында популярдуулукка жеткен.

1990-жылдарда алматылык жамаат мурунку СССР аймагындагы эң популярдуу аткаруучулардын бири болгон.

«А-Студионун» курамында Батырхан Шукенов сегиз студиялык альбом чыгарган, а 2000-жылы ал топтон кетип, жеке карьерасын баштаган. Шукеновдун «Душа» деп аталган акыркы музыкалык альбому 2013-жылы чыккан.