Kloop.kgнин журналисти Владимир Цай өз автоунаасында отурган кезде белгисиз адам келип анын камерасына эки жолу урган.

Кол салуу 13-май күнү күндүз, Бишкектин борборундагы Жумабек жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон — белгисиз адам Kloop.kgнин журналистинин камерасын эки жолу уруп, аны зыянга учураткан.

Цай өз унаасында отурган кезде анын жанына «Тойота-Хариер» үлгүсүндөгү унаа токтоп, андан чыккан белгисиз адам журналисттин унаасынын эшигин ачкан.

Редакциянын кызматкери ал киши тарабынан орой мамилени байкаган соң видеокамерасын күйгүзгөн.

Андан соң белгисиз адам журналисттин камерасын уруп, өзүн уят сөздөр менен тилдеп, аны «түрдүү чагымдарды тартууга» айыптап баштаган.

«Менин оюмча, бул жеке жашоомо эмес, а профессионалдык ишмердүүлүгүмө байланыштуу. Мен ал кишини тааныбайм. Анын укук коргоо органдары тарабынан табылып, зыянга учураткан камераны калыбына келтирип беришин каалайм», — деди Цай Kloop.kgге берген маегинде.

Белгисиз адам өз «Тойотасынан» уюлдук телефонун алып, журналисттин өзүн видеого тартып баштаган.

«Бул YouTube сервисинде баарын тартып жүргөн адам: маичилерди, милиция кызматкерлерин», — деп түшүндүрмө берген ал өзүнүн видеосуна.

Цай автоунаасынан чыгып, кол салган адамдын унаасынын мамлекеттик номурун тартып баштаган. Андан соң анын ким экендигин сураган. А берки Kloop.kgнин журналистинин камерасына уруп жиберген.

Анын жыйынтыгында камера жерге түшүп, зыянга учураган.

Kloop.kgнин редакциясы кызматкерине кол салуу боюнча юристтер менен кеңешип жатат жана окурмандарынан белгисиз адамдын ким экендигин таанууга жардам берүүсүн өтүнөт.