Депутаттар Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча макулдашуулардын ратификацияланышын дээрлик бир добуштан колдошту. Эми өлкө интеграциялык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп эсептелет.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши боюнча документтердин пакетинин ратификацияланышын колдоп 95 депутат добуш берип, болгону эки депутат каршы болду.

«Тазабек» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, депутаттар өлкөнүн ЕАЭБге кириши боюнча документтердин пакетин дароо үч окууда тең жактырышты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши тууралуу акыркы макулдашууларга 2015-жылдын 8-майында, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Москвадагы алгачкы жыйынында кол койгон.

Кыргыз парламентинин төрагасы Асылбек Жээнбеков документтердин ратификацияланышын «тарыхый чечим» деп атады.

«Бул чечим өлкөнүн келечегин аныктайт, бүгүнкү жыйынтык — ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо менен кирүү — жеңил болгон жок, ЖК менен президент иштеди», ― деп жазды «Тазабек» агенттиги Жээнбековдун айткандарын.

Оппозициялык депутат Равшан Жээнбеков өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына макулдашуунун ратификацияланышына Өмүрбек Абдырахманов экөө каршы добуш бергендиктерин жазды ― алар ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен интеграцияга барууга бир нече жолу каршылыктарын билдиришкен.

Ратификацияланган документтердин арасында төмөндөгүлөр бар:

― Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандыгы фактысын аныктаган жана кошулуунун башкы шарттары (үлүштөр, кыргыз-казак бажы чек аралары, Бирдиктүү бажы тарифтерин колдонуп баштоонун датасы) бекитилген макулдашуунун негизги бөлүгү жана макулдашуунун күчүнө кирүү тартиби;

― Кыргыз Республикасы дагы кошулуп жаткан ЕАЭБдин укуктарын түзгөн макулдашуулар менен келишимдердин тизмеси көрсөтүлгөн тиркеме;

― эки протокол:

1) 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ тууралуу макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришине байланыштуу ЕАЭБдин укуктарына кирген белгилүү бир эл аралык келишимдер тууралуу протокол;

2) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ тууралуу макулдашууларды, ЕАЭБдин укуктарына кирген белгилүү бир эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришине байланыштуу ЕАЭБдин органдарынын актыларын пайдаланышы боюнча өткөөл шарттар менен жоболор жөнүндөгү протокол.

«Кыйынчылыктар»

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча акыркы протоколдорго кол коюууга бир нече күн калганда Орусия республиканын интеграциялык биримдикке кошулуусундагы «кыйынчылыктар» тууралуу билдирген.

Анда Орусия президентинин сырткы саясий маселелер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков Кыргызстандын бийлиги макулдашылган документтердин «ачып», аларга «логикага туура келбеген» өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштагандыгын билдирген.

«Мартта Кыргызстан буга чейин макулдашылган өкмөттөр аралык деңгээлдеги протоколдорду ачып, Биримдиктин катышуучулары үчүн логикага туура келбеген сыяктуу көрүнгөн бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Мындан улам Кыргызстандын кошулуусу сөзсүз түрдө талкууланат», — деп жазган ТАСС маалымат агенттиги Ушаковдун айткандарын.

Кыргызстандын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Сапар Исаковдун айтымында, ал өзгөртүүлөр ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө кыргыз айыл-чарба азыктарын экспорттоо жана сатуу маселелерине байланыштуу болгон.

Бирок Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин алгачкы жыйынынын алдындагы пикир келишпестиктерге карабастан президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн ЕАЭБге кириши жөнүндөгү документтерге кол койгон.

Евразиялык биримдикке кирүү

Евразиялык экономикалык биримдик — Орусия, Казакстан жана Беларусь тарабынан түзүлгөн интеграциялык биримдик. 2015-жылдын 1-январынан тарта ага Кыргызстан менен Армения дагы кирет.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ЕАЭБге кирүү жөнүндөгү макулдашууга 2014-жылдын 23-декабрында кол койгон. Бирок ал анда өлкө 2015-жылдын май айында гана биримдиктин толук кандуу мүчөсү боло ала тургандыгын билдирген.

Кыргызстан биримдикке кошулуу процессин 2011-жылдын жазында эле баштаган. 2014-жылдын майында өлкө биримдикке кирүү боюнча 181 пункттан турган Жол картасын аткарып баштаган. Ошол эле жылдын күзүндө экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал процессти өлкөнүн сырткы саясатынын «приоритети» деп атаган.

Кыргызстан 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБдин толук укуктуу мүчөсү болот деп күтүлүп жаткан, бирок апрелдин аягында премьер-министр Темир Сариев биримдикке кирүү «кечеңдер жатканын» билдирген.

Кыргызстандын бийлиги ЕАЭБге кирүү үчүн Жол картасынын 181 пункттан турган тизмесин аткарышы керек болчу — тиешелүү мыйзамдарды, нормативдук-укуктук актыларды кабыл алып, бажы жана чек ара пункттарына жаңы жабдууларды орнотуу.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча сүйлөшүүлөр 2011-жылы башталып, өлкөдө көптөгөн талаш-тартыштарды жараткан.

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин колдогондор Кыргызстандын ишкерлери үчүн Казакстан жана Орусия сыяктуу ири сатып өткөрүү рыноктору ачылат деп эсептешет.

Каршы болгондор болсо Кытайдан келген товарларды КМШ өлкөлөрүнө кайрадан экспорттоо менен алектенген ишкерлердин банкрот болуу ыктымалдыгынан, ошондой эле Орусиянын Кыргызстанга болгон саясий таасиринин күчөшүнөн кооптонуп келишет.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээр алдында президент Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүнө иш-сапары менен барып, андагы өлкө башчылары менен жолугуп, бизнес-форумдарга катышкан. Анда ал европалык ишкерлерге Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» болуп бериши мүмкүндүгүн айтып, аларды өлкөгө инвестиция салууга чакырган.