«Энактус Кыргызстан» мелдешинде социалдык багыттагы мыкты бизнес долбоору үчүн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери жеңишке жетишишти. Алар камактагы адамдар менен алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү боюнча аткарган иштеринин жыйынтыктары менен тааныштырышты.
«Энактус Кыргызстан» программасынын Улуттук мелдеши 23-майда Бишкекте аяктады. Калыстар тобунун добуштарынын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын командасы мыкты деп табылды.
Студенттер кыргыз абактарындагы эркинен ажыратылган адамдарга жардам берүү боюнча долбоорун көрсөтүштү — команда камактагылар абактардагы цехтерде иштеп, анда жасалган буюмдарды сатуунун эсебинен үй-бүлөлөрү үчүн акча иштеп таба ала турган механизмди жөнгө салышкан.
Алар ошондой эле калыстар тобунун мүчөлөрүнө абактан чыккандардын социалдашуусуна, документтерин калыбына келтирүүгө жана аларга жумуш таап берүүгө жардам кылгандыктарын билдиришти.
Эми КМЮАнын студенттери бул долбоору менен ушул жылдын октябрында Түштүк Африка Республикасында өтө турган эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан катышышат.
Тема боюнча: Жыйынтыктары мелдеште көрсөтүлгөн 10 мыкты долбоор
Экинчи орунду Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттеринин Бишкек менен Кыргызстандын аймактарындагы үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча долбоору алды. КМТУнун командасы калың катуу кагаз менен жука металлдан жасалган «күн мештеринин» үлгүлөрүн көрсөттү. Анын жардамы менен күндүн энергиясы аркылуу тамак-аш жылытууга болот.
Үчүнчү орунга Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун студенттери ээ болушту. Алар академиялык жыл ичинде бир нече үй-жайсыз адамдын социалдашуусуна, жумуш жана жашап турууга жай табуусуна жардам бере ала алгандыктары тууралуу айтышты.
Андан сырткары Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун командасы Кыргызстанда киноа деген аталыштагы жаңы дан өсүмдүгүн өстүрүү боюнча узак мөөнөттүү долбоор баштаган. Команда мүчөлөрүнүн айтымдарында, ал дан өсүмдүгү өстүрүүдө жөнөкөй, атайын бир климаттын жерин талап кылбайт жана пайдалуу витаминдерге ээ.
«Энактус» — ишкердик жөндөмдүүлүктөрүн жарандардын жашоосунун жакшыруусу үчүн пайдаланган студенттердин, академиялык жана бизнес лидерлердин топторунун эл аралык программасы.
Түз видеоэфир (убактылуу токтотулуп, 19:00дөн баштап жаңыланган):