20-июнь куну жана 5 ай бою Бишкек шаарында жаштар парламенти ишин жургузот. Ага Жогорку Кенешке корсотулгон партиялардын жаштар канаты жана дагы башка 7 партиянын анын ичинде оппозициялык партиялардын да окулдору кирет.
Жаштар парламентинин курамында 2010-жылдын октябрь айында болгон парламенттик шайлоодо откон — «Ата-Журт», СДПК, «Республика», «Ар-Намыс» жана «Ата-Мекен» партияларынын окулдору боло алышат.
Депутаттардын катарына дагы башка 7 партия, так айтканда — «Ак-Шумкар», «Либералдар», «Жашылдар партиясы» жана ошондой эле 2010-жылда болгон парламенттик шайлоодон кийин партиялардын жалпы улуттук конгресине кирип, озулорун оппозиция атаган « Акыйкат», «Замандаш», «Жашасын Кыргызстан», «7-апрель жаштар кыймылы» кирет.
Долбоордо андан тышкары эч бир партияга тиешеси жок ЖОЖдордун студенттери катышып, 18 жаштан 26 жашка чейинки жаштар парламентинде турган жарандардын санын 58 депутат тузот.
«Демократияны колдоо фондунун» жетекчиси Назгул Жолдошеванын айтымында парламенттин окулдорунун арасында студенттер жана жогорку билими жок жаштар болот.
«Парламентке кириш учун созсуз турдо студент болуштун кажети деле жок. Демократиялык баалуулуктарды карманып, Кыргызстандын онугушуно салымын кошо турган жаш муундар абдан коп.», — деп эсептейт Жолдошева.
Анын ою боюнча парламенттин иш-аракети ошол жака барган жаштардын которгон идеялары, ойлорунан коз каранды.
«парламенттеги жаштар талкууга алуу учун темаларды озулору тандап, жаштар министирлигине беришет. Алар андан ары сунуш-пикирлерди Жогорку Кенешке жонотушот. Баары сессия учурунда чечилип турат», - деп оз созун тушундурду долбоордун жетекчиси.
Жергиликтуу социалдык саясат башкармалыгынын жетекчиси Мирлана Бекешовдун билдиргени боюнча жаштар министирлиги, парламент сунушттарды талкуулап, маселелерди чечип, «жаштардын унун» мамлекет жетекчилерине жеткирууго аракет кылат.
Долбоордун жетекчилери билдиргендей бул иш-чара 5 ай жургузулуп, убакыт буткон сон анын андан аркы ишмердуулугу чечилет.
Биринчи отурум
20-июндагы жаштар парламентинин ачылышына Жогорку Кенештин спикери А.Келдибеков, АКШнын посолу Памела Спартлен, жаштар иштери боюнча министр Алясбек Алымкулов жана ошондой эле парламенттик фракциялардын 5 лидери катышат деп белгиленуудо.
Назгул Жолдошеванын айтканына жараша жаш депутаттардын биринчи отуруму ЖКнын пленардык залында отот. Бирок андан аркы алардын иш орду каякта болоору чечиле элек.
Эксперттер жаш депутаттарды окутуп, андан сон коалиция тузушуп, жаш депутаттар озунун регламентин кабыл алышат.
Жаштар министирлигинин статс-катчысы Нурлан Досалиев Kloop.kg порталына берген маалыматында министирлик жаштар парламентине иштиктуу орду менен жардам берээрин айтты.
«Жаштар министирлиги четте калбастан дайыма парламентти колдоо учун оз аракетин кылат», — деди Досалиев.
Депутаттыка талапкерлер
Жолдошеванын айтымында атайын комиссия тарабынан баардык региондордо жургузулгон жаштар парламентине катышуучуларды тандоого берилген убакыт бутту. Региондук катышуучулар Бишкек шаарына жумасына бир келип турат. Андан тышкары алардын баардык чыгымдарын долбоор оз колуна алат.
Долбоордун жардамчысы Сейиль Максудова билдиргендей жаштар парламентинин катышуучуларынан эч кандай каражат алынбайт.
«Баардыгы волонтердук метод менен жасалат, тактап айтканда оз дили менен», — деди Максудова.
Тандоонун катышуучусу Канатбек Мидин уулунун Kloop.kg порталына билдиргенине караганда, долбоордо катышып жатып ал билим беруу жаатындагы маселелерди козгогусу келет.
«Бул ишке тиешелуу денгээлде конул бурулбайт. Мен эмнеге мындай болуп жатат? деген суроону бергим келет. Организмде бир эле жер ооруса, бир аз убакыттан сон баардык дене ооруй баштайт. Баардык маселелерди бир эле биздин саясатчылар эмес, баардык коомчулук чечууго аракеттениши керек», -дейт Мидин уулу.
Жогорку Кенештин депутаттарынын ою
«демократияны колдоо фонду» Жогорку Кенешке долбоорду колдоп беруу боюнча сунуш жиберген. 5 фракциянын лидерлери жана депутаттар тарабынан жаштар парламентин уюштуруу колдоого алынды.
«Ата-Мекен» фракциясынан депутат Турат Мадылбеков интервьюсунда жаштар ведомствосунун тузулушун колдой турганын айтып, жаштар ЖК нын отурумдарына катышышы керек экендигин билдирди.
«Биз жаштарыбызга биздин коомдо болуп жаткан иштерге баа берууну уйротуп, депутаттардын ар бири аларга жардам беруубуз керек. Эгер жакшы идея же сунуштар болсо ал сосуз турдо биз тараптан колдоого алынат», — деп эсептейт Мадылбеков.
«Ар-намыстан» Анвар Артыков жана «Ата-журттан» Азис Суракматов да жогорудагы идеяны колдошот.
«Жаштардын которгон демилгеси абдан жакшы. Алар балким бизге азыркы мезгилде жетишпей жаткан саясаттагы маданиятты иштеп чыгышы мумкун. Бул менин оюмча эн сонун», — деп айтты оз созундо Артыков.
Бирок социал-демократ Турсунтай Салимов озунун кесиптеши Мадылбеков менен пикирдеш эмес. Азыр парламентте иштеп жаткан жаштар жетиштуу. Жана мамлекеттик денгээлде иштоо учун аларга «али эрте», жаштар «дагы чоноюшу» керек.
«Баардык фракцияларда мыйзам долбоорлорунда иштеген жаштар коп эле. Алар озулору [иштесе] мамлекеттик денгээлде эмес мындай иштесе болот. Али осо элек жаштарга иштин баарын берип салуу эртерээк болуп калат» деди Салимов озунун интервьюсунда.
«Республика» фракциясынын депутаты Максат Сабиров жаштар эгер озулоруно тиешелуу болгон маселелерди чечуунун устундо иштей турган болсо, долбоорду колдой тургандыгын билдирди.
«Эгер алар [жаш депутаттар] жаштар менен иштеп, алардын маселелерин чечууну коздосо жакшы. А эгер окмотко каршы, Жогорку Кенешке каршы иш жургузо турган болсо бул албетте жаман», — деди Сабиров.
Автор: Анна Лелик
Редактор: Кундуз Исмаилова