Шаар бийлигинин борборду жакшыртуу боюнча аракеттери баарына эле жетиштүүдөй сезиле бербейт. Шаардыктардын кээ бирлери демилгени өз колдоруна алып, Бишкектин сырткы көрүнүшүн өз алдынча өзгөртүп жатышат.
Материал «Сорос — Кыргызстан» фондунун «Медиа жана арт аркылуу көп түрдүүлүк менен урбан-активизм идеяларын илгерилетүү» долбоорунун активисттеринин каржы өнөктөштүгү аркасында жарыяланды. Kloop.kgнин редакциясы техникалык жана редактордук кызматтарды көрсөттү.
Бишкек — борборунда жана чет жакаларында бак-дарактардын көптүгү менен белгилүү. Жол жээктерине кыдырата отургузулган бак-дарактар шаардыктар менен өткөн-кеткендердин көз жоосун алат.
Бирок ал бак-дарактар борбор үчүн идеалдуу эмес болгон инфраструктура менен жанаша жайгашкан — сүрүлгөн тротуарлар, талкаланган отургучтар, дат баскан таштанды челектер, сынган жарык берүү фонарлары жана жылдап оңдолбогон балдар аянтчалары.
Бишкек мэриясы шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга аракет кылууда, бирок бардыгына эле көз сала албайт. Бишкектин вице-мэри Алтынай Өмүрбекова борбордун бийлиги кызматкерлердин жетишсиздигинен улам шаарды жакшыртуу иштерин жетиштүү аткара албай жаткандыгын айтты.
«Бардыгы тең чыныгы муктаждыктын 20 пайызында каржыланууда, ошондуктан өзүңөр жыйынтык чыгаргыла. Аны менен катар «Жашылдандыруу» ишканасында дагы, «Тазалык» ишканасында дагы жумушчулар жетишпейт. Алсак, «Жашылдандыруу» ишканасында 270 сезондуу жумушчу жетишпейт. Айлык аз, а жумуш оор», — деди ал.
Өмүрбекова мэрия жарандык активисттердин демилгелерине даяр экенин кошумчалады — айтымында, Бишкекти жакшыртуу боюнча сунуштарды шаардык 185 кызматы кабыл алат.
«Ар бир кызматкердин иш күнү «Я — Репортер» жана башка сайттарды кароо менен башталат. Андан соң андагы маалыматтар дароо тиешелүү кызматтарга жөнөтүлөт. Шаарды жакшыртуу боюнча сизде кандай сунуштар бар? Аны дагы угабыз», — деди вице-мэр.
Айбек Баратов — Бишкектеги белгилүү жол активисти — шаардын көчөлөрү менен сейил аянтчаларын жакшыртуу боюнча бир нече акция өткөргөн. Жакынкы күндөрү эле ал сүрүлгөн тротуарларды калыбына келтирүү боюнча акция жарыялады.
«Коом тарабынан жалгыз гана талаптарды айтуу реакциясы болбошу керек. Бийлик аткарган жумуштарын сиңирген эмгеги жана артыкчылыгы катары кантип көрсөтпөйт? Алар муну кылууга милдеттүү. Жарандар шаарга аяр мамилеси аркылуу деле сүйүүсүн көрсөтө алышат», — деди ал.
Баратов өз демилгелери үчүн каражатты краудфандингдин, тактап айтканда, интернет аркылуу ачык акча топтоо жолу менен чогултат. Ал үчүн көбүнчө анын социалдык түйүндөрдөгү эккаунту аянтча болуп берет — анда активисттин беш миңден ашык жазылуучулары бар, ошондуктан пайдалуу долбоорлорго акча топтоо ал үчүн чоң деле көйгөй эмес.
«Жаңыны сындыргылары келбейт»
Бирок шаардын көрүнүшүнүн жакшы болушун каалаган активисттердин баары эле Баратовдой белгилүү эмес. Борбордук Азиядагы америка университетинин студенттери Бегимай Сатаева менен Нурсултан Сулайманов өз долбооруна «Сорос — Кыргызстан» фондунан акча табышкан.
Алар Жаш Гвардия гүл багы менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги сейил аянтчасында орнотулган отургучтарды жана таштанды челектерин алмаштырууну каалашкан. Студенттерге көрүнүктүү жерде жайгашкан ал аймактын сырткы көрүнүшү жакчу эмес.
«Долбоор сейил аянтчасын калыбына келтирүүгө гана эмес, а ага таптакыр башкача көрүнүш тартуулоого багытталган. Биз жөн гана практикалык иш кылбастан шаар маданиятынын өсүүсүнө салым коштук деген үмүттөбүз», – деди Сатаева.
Алардын долбоорунун алкагында үч өлчөмдүү (3D) жаңы отургучтар орнотулган. Активисттердин айтымдарында, сейил бактын көрүнүшүн жакшыртууга аларга сүрөтчүлөр менен ыктыярчылар жардам беришкен.
Сатаева бишкектиктер улуттук оймо-чийме түшүрүлгөн жаңы отургучтарды көп сындырбай калышат деген ойдо.
«Качан отургучтун өзү бүтүн болуп турганда аны анча сындыргылары келбейт, а оймо-чиймелери менен таптакыр эле сындырышпайт деп ойлойм. Менимче бул ошондой эле маданиятка болгон сыйды эске салып, ал сезимди ойготот . Анда кыргыздын гана эмес, Борбордук Азиядагы бардык элдердин оюлары бар», — деди ал.
«Этияттык менен кылуу зарыл»
Кыргыз-орус Славян университетинин дизайн жана архитектура кафедрасынын доценти Бейсен Кариев заманбап шаар демилгелүү шаардыктардын жардамысыз көп нерсе кыла албай тургандыгын билдирди. Бирок айтымында, шаардын сырткы көрүнүшүн бузуп албоо үчүн этият болуу керек.
«Мамлекет шаар бүтүндөй көрүп жаткан иштерди жасап жатат. Копетенттүү адамдардын табити менен билими болушунча кеңирирээк адамдардын тобун канааттандырышы керек. Эгер ишке профессионал эместер киришсе, анда алардын чыгармачылыгы башкалар үчүн жагымсыз болушу мүмкүн. Мындай демилгелерге кыйла этияттык менен мамиле кылуу зарыл», — деп эсептейт ал.
Кариев көбүнчө граффити көп суроолор менен талкууларды жаратарын айтты — анын пикиринде, граффитини шаардыктардын баары эле кубаттай беришпейт. «Андай демилге талкууланып, жакшылап ойлонулушу керек. Кээ бирде объектинин өзүн бузуп алууга болот», — деди ал граффити тууралуу.
Эркин сүрөтчү Николай Черкасовдун айтымында, адамдар көбүнчө граффитини вандализм менен байланыштырышат, ошондуктан шаардыктар үчүн стрит-арт түшүнүктүүрөөк болушу мүмкүн. «Ал көбүнчө өтө кызык болот. Стрит-арт шаарга жакшы жарашат. Ал кыйла түшүнүктүүрөөк, ал аркылуу коомго багыттама берүүгө болот», — деп эсептейт ал.
DOXA чыгармачыл жамааты Бишкекте буйрутмалар боюнча социалдык стрит-арт жасоо менен алектенет. Алар имараттардын маңдайларына масштабдуу сүрөттөрдү түшүрүп баштагандан кийин белгилүүлүккө жеткен. Жамааттын мүчөсү Сергей Келлер социалдык стрит-арт — бул алардын өз чыгармачылыктарын көрсөтүү ыкмаларынын бир экенин айтты.
«Негизинен уруксат алуу жол-жоболору менен биздин өнөктөштөр алектенишет. Бардыгы мыйзамдуу, милиция тарабынан эч кандай дооматтар болгон жок. Ар кайсы учурда документ топтоо жана уруксат алууга ар кандай убакыт талап кылынат, орточо эсеп менен бир айга жакын убакыт кетет», — деди ал.
Турак жай шериктештиги
Гүлакан Бекбатырова Ахунбаев көсөсүндө жайгашкан үйдүн турак жай шериктештигин жетектейт. Анын жамаатынын түзүлгөнүнө дээрлик он жыл болду жана бул аралыкта алар үйдүн короосун тартипке келтирүүгө жетишишкен.
«Жылына биз экиден иш-чара өткөрүп жүрдүк, алгач балдар аянтчасынан баштаганбыз. Акырындык менен биз өзүбүзгө зарыл болгон нерселерди жасадык, унаа токтотуу жайын оңдоп, эс алуу аймагын куруп, гүлдөрдү жана көчөттөрдү отургуздук», — деди ал.
Бекбатырова инфраструктураны оңдоп, аны жакшыртуудагы башкы нерсе — бул башка адамдар менен сүйлөшүү деп эсептейт. Анын айтымында, коңшулардан, ишкерлерден же шаардык бийликтен жардам сурагандан коркпош керек.
«Биз ишкерлер менен кызматташабыз. Быйыл түтүктөрдү алмаштырдык, металлыбыз бар, «Газпромдон» спорттук аянтчаны оңдоого көмөктөшүүсүн өтүндүк. Адамдар мунун бардыгынын көпчүлүктүн жыргалчылыгы үчүн жасалып жаткандыгын көргөндө жардам беришет», — деди ал.
Авторлор: Бегимай Сатаева жана Эльдияр Арыкбаев