Kloop.kgнин кабарчылары бир нече ондогон жетим балдар уникалдуу система боюнча тарбияланып жана жашап жаткан Кыргызстандагы эки SOS-кыштактын биринде болуп кайтышты.
Балдардын SOS-кыштактары — ата-энелеринин камкордугу жок калган балдарга социалдык жардам көрсөткөн эл аралык кайрымдуулук уюм. Кыргызстанда андай эки кыштак бар, алардын бири Бишкекте жайгашкан.
Бишкектеги кыштак 12 үйдөн турат жана алардын ар биринде бирден үй-бүлө — «SOS-апа» деп аталган тарбиячылар жана 6-8ден жетим балдар жашашат. Уюмдун ишинин башкы принциптеринин бири — бул балдар үчүн кадимки үй-бүлөдөгүгө болушунча жакын болгон шарттарды түзүү.
Светлана Бишкектеги SOS-кыштакта ал негизделген 1997-жылдан берип жашап, иштейт. Азыр анын үй-бүлөсүндө жети бала — үч эркек жана төрт кыз бар.
«Жаш кезимде эгер ата-энесиз калган балдарды тарбиялап, болгон нерсеңди берсең, алар татыктуу адам, жаран болуп чыга тургандай сезилчү», — деди ал.
Ар бир «апа» балдарды карагандыгы үчүн айлык акы алат. Аларда эмгек өргүүсүнө чыгуу же дем алыш күн алуу мүмкүнчүлүктөрү бар, ал убактарда аларды «эжелер» алмаштырышат. «SOS-апа» же «SOS-ата» болуш үчүн адам атайын даярдык курсунан өтүшү керек.
SOS-кыштактагы үй-бүлөлөр үйлөрүндө өз алдынча турмуш кечиришет. Балдар болсо кадимки эле мектептерде окушуп, түрдүү ийримдер менен секцияларга жазылыша алышат.
16 жаштагы Эльдар кыштакта дээрлик төрөлгөндөн тарта — бир айлык кезинен бери жашайт.
«Мени «апам» алган, азыр ал менин өз апамдай. Эс тарткандан бери эле менин энчимде эң жакшы нерселер болуп келген. Кичинекей кезимде көркөм өнөр мектебине, «Таберик» музыкалык мектебине барчумун», — деди ал.
Мектепти аяктагандан кийин SOS-үй-бүлөлөрдүн бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларга тапшыра алышат, ага уюм каржы жана башка жактан колдоо көрсөтүүгө аракет кылат. Эрезеге жеткен курактан тарта балдар атайын жаштар үйлөрүндө жашап, стипендия алып турушат.
Балдар үчүн SOS-кыштактарды түзүү идеясы австриялык педагог Герман Гмайерге таандык. Ал экинчи дүйнөлүк согуштан кийин ата-энесинен ажыраган балдар үчүн Австриядагы алгачкы SOS-кыштагын түзгөн. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 133 өлкөсүндө 500дөн ашык кыштактар бар.
Тарткан жана монтаждаган: Темирлан Акимтеги