3-июнь күнү эртең менен белгисиз адамдар тарабынан Кыйноолорго каршы комитеттин Чеченстандагы өкүлчүлүгүнө кол салуу болду.

Кыйноолорго каршы комитет ― Чеченстанда өкүлчүлүгү бар көп эмес укук коргоо уюмдарынын бири. Уюмдун кеңсесин талкалоо болжол менен Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө башталган. Сом темир жана барскандар менен куралданган белгисиз адамдар уюмдун кеңсесинин эшигин сындырып, имаратты талкалашкан.

Буга чейин уюмдун кеңсеси жайгашкан үйдүн жанында федералдык издөөдө жүрүп, 2015-жылы күч түзүмдөрү тарабынан Ставрополь аймагында өлтүрүлгөн Джамбулат Дадаевди колдогон митинг өткөн болчу.

Кол салуу кандай болгондугу уюмдун эккаунтунун твиттеринде: