Украиналык депутат Мустафа Джемилев анын жардамчысын үч саат бою текшерүүгө алган Кыргызстандын бийлигинин алдында кечирим сурашына эч негиз жок экенин билдирди. Ал кыргыз укук коргоо органдарынын аракеттерин «адекватсыз» жана «мыйзамга ылайык келбеген» аракет деп эсептейт.

Джемилев Kloop.kgге курган эксклюзивдүү маегинде ал Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги талап кылгандай кечирим суроого милдеттүү эмес экенин, анткени кыргыз милициясы «сылык эмес» болгондугун билдирди.

«Менин кечирим сурашыма эч кандай негиз жок, анткени Кыргызстандын [милициясынын] аракети «адекватсыз» жана «мыйзамга ылайык келбеген» аракет болгон», — деп эсептейт ал.

Джемилев 2-июнда «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү өздүк баракчасына кыргыз милициясы жардамчысы Рустем Умеров экөөнү «Манас» аба майданында үч саат кармап тургандыктарын жазган. Саясатчынын айтымында, укук коргоо органдары Умеровду камакка алууну көздөшкөн. Джемилевдин өзү ал текшерүү «кокустук болгон эмес» жана «Кыргызстандын ээлеринин буйругу» боюнча жасалган деп эсептейт.

Кийинчерээк Кыргызстандын Ички иштер министрлиги текшерүү маалында «жаңылыштык» болуп, анын кеңешчисин башка адам менен алмаштырып алгандыктарын билдирүү менен өз аракеттери үчүн саясатчынын алдында кечирим сураган.

Ошентсе да Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Джемилевдин айткандарын оор кабыл алып, аларды «адилетсиз» жана «Кыргызстандын көз карандысыздыгын кемсинтүү» деп атап, анын кечирим сурашын талап кылган.

Джемилев Kloop.kgге курган маегинде Умеровдун кармалышын «кокустан келип чыккан жаңылыштык» деп эсептебей тургандыгын айтты.

«Алардын билдирген формалдуу себеби — менин жардамчымдын кайсыл бир маалыматтары кылмышкердики менен окшош имиш. Биз андай номурларды билебиз. Мындайларды далай жолу башыбыздан өткөргөнбүз, Орусияда бул көп эле колдонулат», — деди крым татарларынын лидери.

Анын пикиринде, укук коргоо органдары Джемилевдин «Борбордук Азиядагы миграция маселелери» аталышындагы эл аралык конференцияга катышуусун каалашкан эмес.

«Конференцияда маанилүү маселелердин бири козголду, ал Донбасс менен басылып алынган Крымда адамдардын жоголушу. Мен анда баяндама менен чыгып, баскынчы бийликтин Крымда кандай кылмыштарды жасап, канчасын уурдап, өлтүрүп жаткандыктарын айттым жана албетте аны угуу Орусия үчүн жагымсыз», — деп билдирди Джемилев.

Ал Кыргызстандын бийлиги сырткы саясат маселелери боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл албайт жана «улуу агасы» — Орусия Федерациясынын айтканы боюнча иш кылат деп эсептейт.

Мисал катары ал Крымдын аннексияланышына карата Кыргызстандын БУУнун Башкы ассемблеясындагы реакциясын келтирди. Джемилевдин пикиринде, Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү «Орусия менен мамилесин бузгусу келбегендиктен» орусиялык курал-жарактардын Крымдын аймагынан чыгарылуусун талап кылышкан эмес.

«Көз карандысыздыкты кемсинтүү»

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуя болгон күндүн эртеси Джемилевдин кечирим сурашын талап кылган — мекемеде украин саясатчысынын айткандарын «көз карандысыздыкты кемсинтүү» деп аташкан.

«Кыргыз жеринде жүргөн чет элдин жараны М. Джемилев өзүнүн кемсинткен сөздөрү жана аны интернетке жарыялоосу менен жергиликтүү меймандостуктан пайдаланып, сыйлабагандыгын көрсөттү, мындай кадамдар Кыргызстан менен Украинанын эки тараптуу мамилелерине белгилүү бир терс таасирин тийгизиши мүмкүн», ― деп билдирген ТИМ Джемилевдин айткандары боюнча.

ТИМ крым татарларынын лидеринин айткандары «анын жеке фобиясын» жана «пиар даярдыктарын демонстрациялык иштеп чыгуусун» көрсөтөт деп айткан.

Андан сырткары мекемеден текшерүү иштери Джемилев билдиргендей үч саат эмес, а болгону 30 мүнөткө гана созулганын белгилешкен.

«Окуядан кийин милиция кызматкерлери дароо эле меймандар менен консулдук кызматкерлерден жаңылыштык үчүн кечирим сурашкан», ― деп жазылган ИИМдин пресс-релизинде.

Крым татарларынын лидери

Мустафа Джемилев эң белгилүү украин саясатчыларынын бири жана крым татарларынын улуттук кыймылынын лидери болуп эсептелет. 2013-жылга чейин ал крым татарларынын Межилисинин башчысы болгон.

2014-жылдын мартында ал Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы кескин пикирин билдирген. Джемилев батыш лидерлерин Крымга тынчтык орнотуучу аскерлерди киргизүүгө чакырган, а жарым арал Орусияга кошулгандан кийин анын ал аймакка кирүүсүнө 2019-жылга чейин тыюу салынгандыгын билдирген.

2-июнда анын уулу Хайсер Джемилев Краснодар аймактык сотунда сот арачылары тарабынан 2013-жылы Февзи Эдемовду өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган. Жакынкы күндөрү судья крым татарларынын лидеринин уулуна карата өкүм чыгарышы керек.