Мамлекеттик каттоо кызматы Жарандык ал-абалдын актыларын жазуунун (ЗАГСтын) борбордук бөлүмү менен Бакыт өргөөсүнүн имаратын оңдо үчүн 28 жылдан бери биринчи жолу убактылуу жапты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы Бакыт өргөөсүнүн имаратын капиталдын оңдоодон өткөрүү иштери 2015-жылдын 8-июнунда башталгандыгын билдирди. Азырынча оңдоо иштеринин канчага созулары белгисиз.
«Бакыт өргөөсүнүн имараты белгилүү чебер усталарынын уникалдуу эмгеги менен жасалган өлкөнүн маданият эстелиги жана архитектуралык мурасы болуп эсептелет», — деп жазылган Мамкаттоо кызматынын пресс-релизинде.
Мекемеден бул Бакыт өргөөсүнүн имаратынын 28 жылдан берки алгачкы жолу капиталдык оңдоодон өтүшү болорун белгилешти. Оңдоо иштери АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин каражатына жасалат.
«Жарандар никени каттоо жана бекитүү тууралуу суроолору менен кайрыла ала турган жаңы дарек тууралуу кошумча маалымат берилет», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Имаратты оңдоо документтештирүү тармагындагы реформанын бир бөлүгү болуп эсептелет. Мамлекеттик каттоо кызматы реформанын биринчи баскычында Жарандык ал-абалдын актыларын жазуунун борбордук бөлүмүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизген жана каттоонун бардык түрлөрү боюнча мындай актылык жазуулардын бирдиктүү банкын түзгөн.
Ишемби күнү, 6-июнда, Жарандык ал-абалдын актыларын жазуунун борбордук бөлүмүнүн маалыматтык системасын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге тааныштырышкан. Бөлүмдүн башчысынын орун басары Дастан Догоевдин айтымында, система аймактагы актыларды каттоо бөлүмдөрүнүн өз ара кызматташуусуна мүмкүндүк берет.
«Автоматташтырылган маалыматтык системанын дагы бир маанилүү артыкчылыгы болуп системанын жасалма документтерди берүүнү болтурбагандыгы, ошондой эле жарандардын тизмесин башкарууну толугу менен тартиптештиргендиги эсептелет. Азыркы учурда республика боюнча автоматташтырылган маалыматтык системага Жарандык ал-абалдын актыларын жазуунун борбордук бөлүмүнүн 58 бөлүмү кошулган», — деп билдирген ал.
Борбордук Бакыт өргөөсүнүн имараты 1987-жылы курулган. 28 жылдын ичинде анда 75 миңге жакын түгөй каттоодон өткөн.