8-июнь күнү кечиндеги катуу шамал Бишкектеги, Чүй жана Талас облустарындагы инфраструктуранын бузулушуна себеп болду. Жыйынтыгында эки адам каза болду — 13 жашар кыз менен 74 жаштагы улгайган киши. Борбордо шамалдан ондогон бактар кулап, 10дон ашык автоунаа талкаланган, а кээ бир райондордо азыркыга чейин электр жарыгы жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы катуу шамалдан улам Чүй облусунун Аламүдүн районунда кулаган бак 13 жашар кызды басып калгандыгын кабарлады — алган жараттарынан улам кыз шаардык ооруканада көз жумган.
Кийинчерээк басма сөз кызматы дагы бир адам каза болгондугун билдирди — Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кеңеш айылынын 74 жаштагы улгайган тургунун дагы шамалдан улам кулаган бак басып калган.
Катуу шамал 8-июнь күнү кечинде саат 20:00дордо башталган — Гидрометборбордун маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 27 метрге чейин жеткен.
Бишкекте жарнамалык такталар, ондогон бактар кулады, алардын кээ бирлери электр берүү линияларын үзүшкөн. Жыйынтыгында борбордун чыгыш, борбордук жана түштүк райондору жарыксыз калышкан.
«Түндүк электрдин» басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкектин төмөнкү райондору электр жарыгысыз калышкан:
- Арча-Бешик конушунун түштүк-батыш бөлүгү;
- Эне-Сай конушунун түндүк бөлүгү;
- Кара-Жыгач конушунун чыгыш бөлүгү;
- Көлмө, Ынтымак, Дордой-2, Ак-Бата, Бакай-Ата конуштары;
- Бишкектин батыш жана түндүк-батыш бөлүктөрү;
- Исхак Раззаков атындагы КТМУнун жана эски аба майдандын аймагы;
- Бишкектин түндүк-чыгыш бөлүгү;
- Туңгуч кичи району.
ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, катуу шамалдын кесепеттери Кара-Балта шаарында жана Талас облусунда катталган. Кара-Балта электр жарыгысыз калса, Талас облусунда турак-үйлөр жана мектептер зыянга учураган — бороон 400 чарчы метрден ашык чатырды учуруп кеткен.
Катуу шамалдын кесепеттери менен күрөшүп жана келтирилген чыгымдарды эсептөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жеке курамы толугу менен күчөтүлгөн режимде иштөөдө.
Бишкек мэриясы 8-июндан 9-июнга караган түнү эртең мененкиге чейин катуу шамалдын кесепеттери менен күрөштү — ал үчүн шаардык кызматтар 50 жүк унаасын бөлүшкөн, алар борбордогу таштандыларды, кулаган бактарды жана алардын бутактарын ташуу менен алектенишкен.